Термоэлектрондук катод
Термоэлектрондук катод (термокатод) – электрондорду ысытып нурландыруу жолу менен чыгаруучу электр-вакуумдуу жана газ-разряддуу куралдардын катоду (к. Термоэлектрондук эмиссия).
Термоэлектрондук катод нурлануу тогу I, чыгаруу жумушу Ф, жашоо узактыгы t, температурага көзкаранды болуучу ысытуунун салыштырма кубаттуулугу, нурлануу жана пайдасыз ысытууга кеткен жоготуулардын Q кубаттуулугу менен мүнөздөлөт. Катодго шыбалган активдүү зат чоң жана буулануунун ылдамдыгы аз болсо, Термоэлектрондук катоддун жашоо узактыгы көп болот. Жумушчу токтун ысытуунун кубаттуулугуна болгон катышы Термоэлектрондук катоддун натыйжасы деп аталат. Термоэлектрондук катод түз жана кыйыр ысытылуучу Термоэлектрондук катодго айырмаланат. Термоэлектрондук катод төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: түздөн-түз ысытууга ылайыкталган жана сырттан ысытууга ылайыкталган катод.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0