Термоэлектр термометри
Көрүнүш
Термоэлектр термометри – жылуулук энергиясын башка энергияга айландыруунун негизинде түзүлгөн температураны өлчөөчү түзүлүш.
Б. а. Зеебек эффектисине негизделген температура өлчөөчү курал. Ал сезгич элементи катары термотүгөйдөн жана градустарга бөлүнгөн электр өлчөөчү куралдан (милливольтметр, автоматтык потенциометр ж. б.) турат. Термоэлектр термометри жылуулук энергиясынын сан маанисин электр энергиясына, андан ары магнит талаасынын энергиясына жана механикалык энергияга айландырат. Жылуулук энергиясынын сан мааниси бөлүктөргө бөлүнгөн шкала аркылуу аныкталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0