Термоядролук реакциялар

Википедия дан

Термоядролук реакциялар – жеңил атом ядролорунун өтө жогорку температурада ((~108 К) жана андан жогору) оор ядролорго биригүү реакциялары.

Энергиянын бөлүнүп чыгышы менен коштолот. Термоядролук реакциялар көп энергиянын бөлүнүшүнө байланыштуу астрофизикада, ядролук жана колдонмо физикада өтө маанилүү. Термоядролук реакциялар – жеңил ядролордун синтезделиш реакциясынын негизги түрүнүн бири. Эки ядронун биригиши үчүн (мис., эки дейтерийдин ядролору кошулуп гелийдин ядросуна айланышы үчүн) аларга потенциал тосмодон өтө ала тургандай энергия берүү зарыл. Ушул шартта дейтерийдин ядролору кулондун түртүлүү күчүн жеңип, ядролук күч аракет эткен аралыкка жакындашат. Кагылышкан ядролор өтө чоң энергияга ээ болушу зарыл. Ал энергия тездеткичтерде, жылдыздардын түпкүрүндө, атомдук жарылууда же күчтүү газ разряддарда алынат. Башка түрдөгү синтездик Термоядролук реакциялар өтө жогорку басымда кулондук түртүлүү тосмонун бузулушунун (бийиктигинин кичирейүүсүнүн) негизинде жүрөт. Мындай синтездик Термоядролук реакцияларнын ылдамдыгы температурага эмес, заттардын тыгыздыгына көзкаранды. Термоядролук реакциялар Күн ж. б. жылдыздардын энергиясынын негизги булагы. Мындай реакцияда энергиянын бөлүнүп чыгышы көмүртек-азоттук (Х.Бете, 1939-ж.) же протон-протондук (Бете жана Кричфильд, 1938-ж.) цикл менен жүрөт. Биринчисинде көмүртек катализатор болуп, анын саны туруктуу калат да, төрт суутектин ядросунан гелийдин ядросу түзүлөт. Протон-протондук циклде төрт суутектин ядросунан гелийдин бир ядросу көмүртектин катышуусусуз түзүлөт. Жасалма Термоядролук реакциялар практикада натыйжалуу масштабда термоядролук же суутектик бомбалардын жарылуусунда ишке ашырылат. Мындай жарылууда жер титирөөнүн энергиясына чамалаш өтө чоң энергия бөлүнүп чыгат. Башкарылуучу Термоядролук реакцияларын ишке ашыруу менен адамзат практикалык жактан энергиянын түгөнбөс мол запасына ээ болот. Ошондуктан акыркы жылдарда туруктуу иштеген башкарылуучу Термоядролук реакцияларды иш жүзүнө ашыруу үчүн илимий изилдөөлөр кеңири жүргүзүлүүдө. Термоядролук реакциялар учурунда көп энергиянын бөлүнүп чыгышы астрофизикада, ядролук жана колдонмо (прикладдык) физикада негизги ролду ойнойт. Мындан сырткары жылдыздар системасындагы процесстерде химиялык элементтердин ядролорунун синтезделиши негизги мааниге ээ.

Ад.: Арцимович Л.А. Управляемые термоядерные реакции. 2-изд. – М.: 1963.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]