Мазмунга өтүү

Техникалык билим берүү

Википедия — ачык энциклопедия

Техникалык билим берүү - өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, айыл чарба жана токой чарбасы үчүн инженер, тех. кадрларды даярдоо (эл чарбасы үчүн адис жумушчулар профессиялык-техникалык билим беруу системасында даярдалат).

Атайын Техникалык билим берүү менен катар жардамчы жана жалпы Техникалык билим берүү да бар. Анын максаты - жогорку окуу жайлардын студенттерине жана атайын орто окуу жайлардын окуучуларына илимдин, маданияттын тармактарында колдонулуучу машина, аппарат, механизм, башкаруунун автоматтык каражатын пайдаланууга зарыл билим жана ыкмаларды үйрөнүү үчүн тех. билим берүү.

Жардамчы Техникалык билим берүүгө университеттердин геол., хим., физ., биол. ж. б., айыл чарба институттарынын агрономия, зоовет. факультететтеринде, мед., пед. ж. б. институттарда жана атайын орто окуу жайларда өтүлүүчү тех., технол. сабактар кирет. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде жалпы Техникалык билим берүү эмгек, политех. окутуу процессинде жүзөгө ашырылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.