Техникалык диагноздоо
Көрүнүш
Техникалык диагноздоо – машинада, түзүлүштө, алардын түйүндөрүндө, элементтеринде ж. б. бүктөрүндө дефектинин бар экендигин мүнөздөөчү белгилерди тактоо жана изилдөө; ал алардын иш (же абал) режиминде мүмкүн болгон четтөөлөрдү (бузулуу) алдын ала айтуу, ошондой эле техникалык системалардын бузук жерин табуу ыкмаларын жана каражаттарын иштеп чыгууда жана дефектилерди локализациялоодо колдонулат. Техникалык диагноздоо, мисалы, сыртынан кароо, же диагноздоочу аппаратуранын же диагноздоочу программанын жардамы менен ишке ашырылат. Техникалык диагноздоо – техникалык объектилерди ишенимдүү камсыз кылуунун жана кармап туруунун маанилүү каражаттарынын бири.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9