Техникалык термодинамика
Көрүнүш
Техникалык термодинамика – термодинамиканын бөлүмү; ал термодинамиканын закондорунун жылуулук техникасындагы тиркемелерине арналган.
Техникалык термодинамиканын негизги проблемаларына: жылуулук кыймылдаткычтарынын жана түзүлүштөрүнүн (установкаларынын) теориясын иштеп чыгуу; жылуулукту электр энергиясына түз өзгөртүү ыкмаларын иштеп чыгуу; заттын жылуулук техникалык касиеттерин изилдөө; жылуулук алмашуу процесстерин изилдөө ж. б. кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0