Технология

Wikipedia дан

Технология - (грек тилинен τέχνη “techne” - өнөр, устаттык,билгичтик жана λόγος “logos” - билим, илим) Ар кыл өндүрүш тармагында, курулушта сырье, материал же буюмдарды алуу, иштетүү жолдору менен ыкмалардын жалпы аты; ал жолдорду жана ыкмаларды иштеп чыгуучу жана өнүктүрүүчү илимий тармак.Алдын ала уюушулган комплекс, операциондук жана өндүрүү жолу. Технологиянын негизги максаты илимди өнүктүрүү менен коомго пайда алып келуу.

Тарыхы XVIII кылымдын аягында технология массалык түрдө өнүгүп баштаган жана “технология” деген ат менен таанылган. Иоганн Бекман (1739—1811)ж “технология” деген терминди биринчи болуп колдонгону белгилүү. Ал Германиядагы “Геттингене” университетинде “Технологиянын менен таанышуу” деген аталыштагы илимий макаласын жарыялап турган.

Ал ошол эмгектеринде минтип жазганы бар: « Биздин көзүбүзгө көрүнүп турган нерселер, өнүгүп жаткан жана жетишкен ийгиликтерин технологиялык искусствонун тарыхы деп койсок болчудай. Технология –жасалган кыймылдын баардык түрлөрүн, алардын жыйынтыгын жана себептерин көрсөтөт »

Технологиянын коомдук жүрүм-турумга тийгизген таасири

Технологиянын пайда болуп, өнүгүшү нүн натыйжасында, жашообузга көптөгөн оң жана терс таасирин тийгизди. Адам акылынын жардамы менен көптөгөн жаңы нерселер ойлоп табылган жана табылып жатат. Илимде жаңы ачылыштар күн санап пайда болууда. Ошентип ойлоп табылган нерселер адам баласынын жашоосунда кеңири колдонулуп, көптөгөн ыңгайлуулуктарды түзүп келет. Ошондой эле жаңы ойлонуп табылган нерселер адам жашоосундагы көптөгөн жоготууларга, кыйроолорго да алып келгени жашыруун эмес. Адам жашоосундагы тең салмактуулук жоголо баштады. Коом, уруу болуп аймактарда жашаган элдер бири-бири менен жөнөкөй курал-жарактар менен согушуп келген. Бул согуштарда өлүм-житимдер көп болчу эмес. Кийинчирээк согуштар дүйнөлүк деңгээлде болуп. Көптөгөн апааттардын себепчиси болду. Биздин заманга чейин 5000-жылда саатына 2-3 километр ылдамдыкта жылуу мүмкүн экенин окумуштуулар ырасташкан. 20.кылымда болсо саатына 1000 километр ылдамдык менен адам баласы алгачкы жолу ай бетине кадам таштады. Ошентип бул ачылыш адам баласынын жашоосунда болуп көрбөгөндөй чоң ачылыш болду. Бирок, өнүгүү менен кошо кудайдын бизге берген табиятына зыян келтире баштадык. Тең салмактуулуктун нугун бузуп, экологиялык жактан чыгымга учурадык. Муну менен бирге Хиросима жана Нагасаки, Чернобль апааттары дүйнөнү “дүңк” эттирди. Технологиянын өнүгүүсүнүн натыйжасында: Жумушсуздук кескин түрдө көбөйдү, дары-дармек технологиясы өнүктү жана ар кандай жугуштуу, адам өмүрүн сактап кала албай турган оорулар да пайда болду. Жер семирткичтердин пайда болуусу менен топурактын күчү азайды. Кир жуучу машине, муздаткыч сыяктуу жашоого жеңилдик бере турган нерселердин жасалуусунун натыйжасында химиялык таштандыларды пайда кылды. Табийгый ааламдан – жасалма ааламга көч баштагандай элестерди көз алдыңа келтирет... Индустриялдык төңкөрүш менен илим-билимдин өнүгүүсүнө шарт түзүп берди. 1950-жылы ойлоп табылган компютер технологиясы да ачылыштардын баштоочусу десек болсчудай.

Күнүмдүк жашообуздагы баш айланткан илимий ачылыштардын натыйжасында, адам баласы дүйнөнүн бир бурчунан экинчи бурчундагы болуп жаткан кубулуштарды тоскоолдуксуз көрүү мүмкүнчүлүгүнө жете алды. Ал тургай асман ааламына саякаттап, планеталарды, кометаларды, жылдыздарды ж.б жакындан көрүүгө да жетишти.

Ошентип технология адамдын маданиятын да түп-тамырынан өзгөрттү. Күн батып, караңгы кирээр замат уйкунун ырахатына баткан адам. Электр жарыгы ойлоп табылуусу менен 24 саат бою уктабай койсо боло тургандай кылып, уктоо тартибин өзгөртүп койду. Андан сырткары көбүрөөк өндүрүү, иштөө сыяктуу атаандашууларды пайда кылды. Адам жана техниканын атаандашуусу башталып, “адамдын техникалашуусу” деген түшүнүк жаралды. Адам өз колу менен жасаган нерселерин робот же болбосо техниканын жардамы менен жасала турган заманга өтүп, өз тукумуна ушундай замандын жашоосун тартуулай алат. Индустриялдык өндүрүүнүн жардамы менен адамдын күчүн көп короткон жумуштар азайды. Адам күчү менен жасала турган жумуштар автоматтык түрдө жасала баштады.


Нанотехнология


Даярдаган: Адилет Сыдыков