Технологиялык документация

Википедия дан

Технологиялык документация - продукция алуу, буюм жасоо (ремонттоонун) ж. б. технол. процесстерди аныктоочу графиктүү жана тексттүү документтер жыйындысы.

Андай документтер өндүрүш процессии уюштурууга негиз болот (к. Технология). Машина курууда мамлекеттик стандарт менен технол. документациянын бирдиктүү системасы белгиленген. Технологиялык документацияга маршруттук, эскиздик, технол. карталар, технол. инструкция, жабдуу менен материалдардын ведомосттору кирет. Маршруттук карта - буюм жасоонун (ремонттоонун) бардык операциялары жана жабдуусу, жасалга-аспаптары, материалдары, эмгек чыгымдалышы ж. б. көрсөтүлгөн документ. Эскиздер картасында буюмду жасоонун технологиясы график түрүндө көрсөтүлөт. Технол. карталарга тетиктер, бирдиктер жана материалдар жыйындысы жөнүндө маалыматтар жазылат. Технол. инструкцияда тех. процессти контролдоо боюнча иштин ыкмалары жана методдору, жабдуу жана приборлорду пайдалануу эрежелери, коопсуздук чаралар көрсөтүлөт.

Технол. процесстин ичиндеги иштердин түрүнө жана санына карата операциялык карталар түзүлөт. Жабдуу ведомостунда зарыл болгон курал жана аспаптардын тизмеси берилет. Материал маалымат ведомостунда материалдардын сарпталыш нормасы толук (майда-чүйдөсүнө чейин) жазылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.