Техносфера

Википедия дан

Техносфера (грекче techne – искусство жана sphaira – шар, сфера) – биосферанын бөлүгү; ал түз же кыйыр түрдө техникалык жана техногендик объекттердин (курулуш, жол, ишкана ж. б.) таасиринен же адамдын иш-аракетинен бузулуп, түптамырынан бери өзгөрөт; жердин географиялык кабыгынын чегинде антропогендик таасирден пайда болгон объекттердин (курулуш, механизм ж. б.) жыйындысы. Ал айлана-чөйрөдөгү жансыз заттардан куралып, адамдын жашоо-турмушун жеңилдетип, жакшыртуу үчүн түзүлгөн. Техносфера элемент катары адамдын эмгек жана акыл-эс жөндөмүн жогорулатуу жана алмаштыруу үчүн пайда болуп, бара-бара жасалма чөйрөнү гана түзбөстөн, айлана-чөйрөдө зат алмашууну жүргүзгөн коомдун физиол. системасы катары чыгууда. Техносфера эволюциялык жактан алганда теориялык түрдө геосфера менен космостук мейкиндикте чексиз мүмкүнчүлүккө ээ. Ал бардык системалар сыяктуу же ички өнүгүү закондоруна ээ. Коом тарабынан көзөмөлдөнөт, бирок адам фактору катышкан Техносферанын өнүгүшү ири масштабдагы терс кесепеттерге алып келүүдө. Башкача aйтканда Техносфера адамзаттын тарыхында биосфера ресурстарынын чектелгенине карабай стихиялуу табигый түрдө өнүгүп келген. Техносферанын өнүгүнгү өткөн кылымдарга караганда 20-кылымда жогорку темпте өстү. Мунун өзү өз кезегинде бири-бирине карама-каршы келген эки нерсеге алып келди. Бир жагынан илимбилимде, өнөр-жайыда болуп көрбөгөндөй ачылыштар, жетишкендиктер болуп, турмуш-тиричилик чөйрөсүнө оң таасирин тийгизсе, экинчиден (экол.) Техносфера адамдын табигый жашоо-тиричилигине ири масштабда коопсуздук жаратууда. Планетабызда табигый экосистемаларга терс таасирин тийгизип келет. Табигый экосистемалар жогорку деңгээлде өнүккөн өлкөлөрдүн (Европа, Түндүк Америка, Япония) аз гана бөлүгүндө кездешет. Дээрлик бардык урбанизацияланган аймактар Техносферада жашашат. Техногендик кырсыктар жана апааттар (Чернобыль апааты ж. б.) Техносферада өзгөчө кооптуулукту жаратат. Анткени айлана-чөйрөгө жогорку деңгээлде булганган заттар таралып, ал оолуттуу зыян алып келүүдө. Ошондуктан Техносфера бара-бара илимий негизге таянган ноосферанын гармониялуу бөлүгү катары өнүгүп, адамзаттын жана биосферанын ыңгайлуу тиричилик өткөзүшүн эсепке алган жаңы техникалык ойлоп табуулардын көбөйүшүнө шарт түзүшү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]