Асатилла Тешебаев

Википедия дан
Тешебаев, Асатилла‎»‎ барагынан багытталды)

Асатилла Тешебаев (1957-ж. туулган) – кыргыздын заманбап сүрөтчүсү, модернисттик агымды кыргыз фольклордук салты менен айкалыштыра алган чебер.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асатилла Тешебаев 1957-жылы 19-июлда Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач кыштагында туулган.

Өз айылында орто мектепти бүтүргөн.

1974-80-жылдары (Фрунзеде) Бишкектеги суротчулор окуу жайында таалим алган.

1980-82-жылдары Кызыл-Кыя шаарында көркөм өнөр ишканасында (ателье) сүрөтчү болуп иштеген.

1982-88-жылдары Москвада(Орусиянын борборунда)Буткул Союздук Кинематография институтунун (ВГИК) Сүрөтчүлүк факультетинде кино-сүрөтчүсү адистиги боюнча окуган.


1988-89-жылдары Кыргызстанда (Бишкек шаарында) “Кыргызфильм” студиясында кино-суротчу болуп,

  • Кербез*корком фильминде суротчу-коючу катары иштеген

1995-жылы ЮНЕСКОнун алкагындагы көркөм өнөр чеберлеринин федерациясына мүчөлүккө кабыл алынган.

2001-2012 жылдары Австриянын Грац шаарында жашап-эмгектенип келди. 2013-жылы Москва шаарында жашоодо

Көргөзмөлөргө катышуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1986-жылы Маскөөдө башка студенттер менен чогуу сүрөт көргөзмөсүнө өз чыгармаларын катыштырган.

1989-жылы Бишкектеги ири кинотеатрда чыгармалары көргөзмөгө коюлган.

1996-жылы Маскөөдө “Тоолуктар галереясында” (“Галерея Нагорная”) сүрөттөрү көргөзмөгө коюлган.

1997-жылы Австриянын Грац шаарында сүрөт көргөзмөсүнө эмгектери коюлган.

2002-2008- жана 2010-жылдары Австриянын ар кыл шаарларында көргөзмөлөргө катышты. 2012-жылы Нью-Йоркто, Бродвей (Braodwei)галереясында эл аралык коргозмого катышкан 2014-жылы Москвадагы борбордук сурот уйундо жеке коргозмосу болду.

Айрым чыгармалары Голландия, Швеция, Түркия, Орусия, Австрия. Чехия сыяктуу өлкөлөргө таркады.

Асатилла өз чыгармасынын башаты тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Азаттык” үналгысы үчүн 2010-жылы курган маегинде Асатилла чыгармаларында кыргыз колорити сезилгендиги тууралуу адистик баага карата мындайча оюн билдирди:

“Сүрөтчү болсун, көргөзмөгө келген ар бир киши,суротко карап жоромол кылганда алардын пикири - ал адамдын жашоодогу ой- жугуртуусуно,өзүнүн кулк мүнөзүнө, жашоодо алган тажрыйбасына таандык деп ойлойм.

Мен өзүм улутум кыргыз болсо, өзүмдүн туулуп өскөн жерим Кыргызстан болсо, анан кантип ошол жер мага таасир бербей калсын!

Өзүмдүн ички дүйнөм, аң-сезимим, тарбиям, таалимим боюнча - темам Кыргызстан. Элим-журтумдун темасы мага башка темаларга караганда жанымдай,канымдай жакын. Аны айтпаса деле түшүнүктүү болсо керек”.

Кызынын ийгилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асатилланын кызы суротчу-модельер Анара Тешебаева 2010-жылы августта Испанияда өткөн сулуулар сынагында, суротчу-модельерлердин да конкурсу болуп анда биринчи орунду жеңип алды.

Орусия менен Испания биргеликте уюштурган сулуулардын сынагында бир гана тышкы сулуулук бааланбастан, катышуучулардын кол өнөрчүлүк жөндөмдүүлүгү да бааланды. Сынактын жеңүүчүсү Анара Тешебаева башка өлкөдө төрөлүп чоңойсо да өз мекени - Кыргызстандын намысын коргоп, атын чыгарды.

“Азаттык” үналгысы үчүн курган маегинде Анара мындай деп айтты:

“Мен көркөм өнөргө (искусствого) аябай кызыгам. Өзгөчө бойок менен сүрөт тартууга (живописке) кызыгам. Менин атам сүрөтчү болгондуктан мендеги талант атамдан өткөн го деп ойлойм”.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]