Файзулла Тешебаев

Википедия дан
Тешебаев Файзулла‎»‎ барагынан багытталды)

Тешебаев Файзулла (1925-жылы Сузак району, Бостон кыштагында туулган) — колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). 1945-жылдан КПСС мүчөсү. 1941-47-жылдары Сузак районундагы «Кызыл-Байрак» айыл чарба артелинде колхозчу, жардамчы бухгалтер, башкы бухгалтер, 1947-49-ж. пахта өстүрүүчү звенонун башчысы. 1947-ж. анын звеносу 3 га аянттын ар гектарынан 91 цден пахта жыйнап алган. 1954 -56 -ж. Сузак районундагы Дмитров атнындагы 1959-62-жылдары К. Маркс атындагы колхоздордун башкармасы, 1965-67-жылдары Кыргызстандын 20 жылдыгы» совхозунда, 1967-69-жлдары Араван раонуагндагы «Пахтачы» совхозунда агроном болуп иштеген. 1951-63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.