Тешеев Сайдулла

Википедия дан
Тешеев, Сайдулла‎»‎ барагынан багытталды)

Тешеев Сайдулла (1925-жылы Фрунзе району, Охна кыштагында туулган) — металлургия Социялистик Эмгектин Баатыры (1960). 1961-жылдан КПСС мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1949-жылдан Кадамжай металлургия заводунда эритүүчү болуп иштеп, өндүрүштө жогорку ийгиликтерге жетишкен. 1966—74-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1963—67-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин Ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.