Мазмунга өтүү

Теңсалмактуу эмес процесстердин термодинамикасы

Википедия — ачык энциклопедия

Теңсалмактуу эмес процесстердин термодинамикасы – теңсалмаксыз процесстердин макроскопиялык жазылышынын жалпы теориясы.

Ал теңсалмактуу эмес термодинамика же кайталанбас процесстердин термодинамикасы деп аталат. Теңсал-мактуу эмес процесстердин сан маанисин, мис., алардын ылдамдыгынын сырткы шартка көзкарандылыгын аныктоо үчүн массанын, импульстун, энергиянын, о. эле системанын элементардык көлөмү үчүн энтропиянын баланс теңдемелери түзүлөт жана бул теңдемелер каралуучу процесстердин теңдемелери менен бирдикте чыгарылат. Теңсалмактуу эмес процесстердин термодинамикасы ачык системаны изилдөөнүн теориялык негизин берет, өткөргүчтөрдөгү көптөгөн теңсалмактуу эмес кубулуштарды (термоэлектрдик кубулуштар, гальваномагниттик кубулуштар, термогальва-номагниттик кубулуштар) түшүндү-рүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]