Тибет

Википедия дан
Тибет.

Тибет, Кытайдагы тарыхый аймак (кытайча Сицзян) Кытайдын түштүк-батышында, Тибет тайпак тоосунун чегинде. Дүйнөдө деңиз деңгээлинен эн бийик жайгашкан аймак. Аянты 1200 миң км2. Калкы 3,0 млн (2010). Административдик борбору – Лхаса. Тибет автономиялуу району 7 округга [анын ичинде бирөө шаар (Лхаса) жана 600 жөнөкөй] бөлүнөт.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тибет мамлекети 7-кылымда пайда болгон. 13–14-кылымдарда монголдорго көз каранды болуп турган. 17-кылымда будда (ламаист) мамлекетинин башчысы гелук далай-лама – өлкө башчысы болгон. 18-кылымдан Кытайдын курамына кирип (Цин маньчжурия династиясына кошулган), бирок далай-ламанын бийлиги сакталган. 1951-ж. КЭР менен Тибет бийлигинин ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Ошентип Тибет автономиялуу району 1965-ж. түзүлгөн.

Калкынын негизин тибеттиктер (92,8%) түзөт. Ошондой эле ханцылар (кытайлар) да жашайт. Эмгекке жарамдуу калктын көпчүлүгү а. ч-нда жана экономикасынын мамлекеттик эмес секторунда эмгектенет. Кустардык өндүрүшү, мал чарбачылыгы жана салттуу тибет медицинасы өнүккөн. Сыртка тери, жүндөн токулган буюмдар чыгарылат. Тибеттин климатына ылайыкташкан сейрек кездешүүчү дары өсүмдүктөрү тибет медицинасынын өнүгүшүнө түрткү болуп келет. Бул тармак райондун экономикасынын өнүгүшүнө да чоң салым кошууда. Брахмапутра дарыясынын өрөөнүндө жана тоо капталдарында айыл-чарба өсүмдүктөрү айдалат. Таш көмүр, нефть, калий, сейрек кездеигүүчү жер элементтерининин (дээрлик иштетилбейт) кени бар. Инфраструктурасы начар бойдон калууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]