Тизгин
Көрүнүш
Тизгин – ат жабдыктарынын бири; эки учу жүгөндүн төңөлдүрүгүнө байланып, мингичтин башын буруу, багыттоо же токтотуу үчүн колдонулуучу кайыш боо. Ак кайыштан эни 1,5– 2 сждей, узуну 220–250 смдей тилинип, учтары ооздуктун эки жагындагы чагаракка «чаян» түйүлүп бекилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9