Тиймексиз өзгөртүүчү аппаратура
Тиймексиз өзгөртүүчү аппаратура – электр чыжырларын коммутациялоочу (аларды туташтыруучу, ажыратуучу, өзгөртүүчү), ошондой эле чынжырды механикалык ажыратпастан эле токту же чыңалууну өзгөртүүнү ишке ашыруучу электр техникалык жана электрондук системалардан куралган аппарат. Тиймексиз өзгөртүүчү аппаратура тиймектүү аппараттарга караганда техникалык жактан натыйжалуу туташтыруу жыштыгынан көз каранды эмес, сезгич, жарылуучу жана булганч чөйрөдө иштөөгө ылайыктуу; иштөөдө үн чыкпайт; массасы жана көлөмү (габарити) чакан; жогорку деңгээлдеги унификация, блоктуу конструкциялык технология. Көмөк станция, өндүрүш насосу, желдеткич, компрессор, муздаткыч, жүк көтөргүч-унаа жабдыктарын жана станок иштеткичтерин башкарууда жана сактоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9