Мазмунга өтүү

Тийме шакектер

Википедия — ачык энциклопедия

Тийме шакектер, контакттуу шакектер – электр машинанын октолгоочуна (валына) бекитилген жана ротордун оромолорунун учтары менен кошулган ток өткөрүүчү шакек. Алар аркылуу, айланып туруучу оромо менен кыймылсыз тышкы электр түзүлүштөр жана тизмектердин ортосунда (электр щётка аркылуу) жылмышуучу тиймек түзүлөт. Тийме шакектер бири биринен жана машина октолгоочунан обочолонтулат. Тийме шакектер мисалы, синхрондуу, асинхрондуу машиналарда, Шраге кыймылдаткычында ж. б. электрондук машиналарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]