Мазмунга өтүү
Тийн сүрөсү
- Меккеде түшүрүлгөн. 8 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- "1. Анжир менен зайтунга ант!
- Анжирге ант, Зайтунга ант!"
- "2. Сиинаа тоосуна (3) ант!
- Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна ант!"
- "3. Мына ушул бейпил шаарга (4) Мекке шаарына ант!
- Жана мына бул тынч шаарга (Меккеге) ант! "
- "4. Албетте, Биз инсанды эң мыкты - текши турпатта жараттык.
- Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык. "
- "5. Андан кийин Биз аны төмөнкүлөрдүн эң төмөнүнө кайтардык (5)
- Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабыз."
- "6. Бирок, ыйман келтирип Аллахка ишенген жана жакшылык иштерди кылгандар үчүн үзүлбөгөн сыйлык бар.
- Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (Бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп -сыйлыктар бар. "
- "7. Мындан соң сени (6) Эй, инсан Кыйаматты жалганга чыгарууга эмне түрткү болуп жатат?
- (О, инсан!) Ушундан кийин сени динди ""жалган"" дешке эмне мажбур кылды?"
- "8. Аллах - өкүмдарлардын өкүмдары эмеспи?!
- Аллах эң даанышман өкүмдар эмеспи?"
- (3) Сиинаа (Синай) тоосу - Муса (а.с.)га Тоорат түшкөн жер
-