Тик

Википедия дан

Тик — адамдын эркинен тышкары айрым булчуңдардын же алардын тобунун иретсиз жыйрылуусу.
Себептери - көбүнчө бет, моюн, кол, жаак булчуңдарында, чанда тил жана диафрагмада болот. Анын пайда болушуна баштын урунуусу же мээнин, мээ кабынын сезгениши, чарчап-чаалыгуу, үч ача нервдин невралгиясы жана кээ бир өнөкөт оорулар жана башкалар себеп болот. Балдарда катуу кайгыруудан, коркуудан болушу мүмкүн. Бет булчуңдары тик болгондо капысынан чекесин бырыштырат, кабагын түйүп, көзүн жүлжүйтөт, оозун чүрчүйтөт, моюн булчуңдары жыйрылганда жакасы кысып жаткандай башын бургулайт же үстүндөгү кийимин оңдоп жаткансып ийинин кыймылдатат. Ооз жана кулкун булчуңдары тик болгондо жаланып, бир нерсе чайнагандай, соргондой тамшанат.
Дарылоо оорунун пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8