Тикамацу Мондзаэмон

Википедия дан

Тикамацу Мондзаэмон (1653, Этидзэн облусу – 6. 1. 1724, Амагасаки, Хего же Осака) – япон драматургу, аны көпчүлүк учурда «япон Шекепири» деп аташат. Болжол менен самурай үй-бүлөсүндө туулган. Сезим менен адеп-ахлактык милдеттин ортосундагы кагылышуунун негизги өзөгүн түзгөн көптөгөн тарыхый пьесалары («Жеңерман Кагэкие», 1686; «Коксинги салгылашуулары», 1715) жана «мещандык драмалары» («Тозокко жиберилген чабарман», 1711, ж. б.) бар. 1996-ж. анын «Амидзима» («Тагдыр тору аралында жан кыйышкан эки ашык», которгон А. Дегенбаева) драмасы А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрынын сахнасында Саамал» тобунун катышуусу менен коюлган. Чыг.: Драмы, М., 1963; Драматичические поэмы. М., 1968.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]