Тикелей инвестициялар
Көрүнүш
Тикелей инвестициялар – сатып алууну, уюмдун (филиалынын) фондун түзүүнү же кеңейтүүнү, ошондой эле компаниянын (анын юридикалык түрүнө карабастан) үстүнөн болгон көзөмөлдү күчөтүүгө же анын ишмердигин кеңейтүүгө байланышкан башка баардык аткарымдарды камтыган, түздөнтүз кандайдыр бир продукцияны өндүрүүгө чегерилген капитал. Т. и. инвесторлорго иш жүзүндө инвестирленген өндүрүштүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7