Тилебалдиев Нураалы
Тилебалдиев Нураалы (1941-1986) Жыгаччы. Өзгөн районундагы Яссы айылында төрөлгөн.
Жалал-Абаддагы курулуш окуу жайынан окуган. Мугалим болуп иштеген. Комуз чабуусуна атактуу уста жана комузчу Чалагыз Ыйманкул уулунун таасири зор. Нураалы аспаптын жердигин өрүк, тыт, алмурут жыгачтарынан тандап, анын сымбатына назар таштаган. Өрүктүн сөңгөгүн тең бөлүп, аны эки жылдан ашуун көлөкөдө, шамалда кармап какшыткан. Андыктан аны тамдын чатырына чыгарып кургатууну чебер «куу чеке мезгилге жетиптир», - дечү экен. Жыгач кургаган сайын толгонуп ийилип, узанууга шарт түзгөн. Ал сөңгөктүн бутаксыз жерин иштеткен. Отуз жылдан ашуун түркүк болуп турган торсулду кармап, коңулдарын жакшы оюп, ичи-сыртын ойдогудай жылмалап, андан шаңкылдап угулган аспап жараткан. Уста Эл артисти Самара Токтакуновага эки комуз чапкан. Анын бирин атайылап оркестрге кошулуп чертүүгө, экинчисин жеке чертип чыгууга шартташтырган. Акын Токтосун Тыныбековдун, Болуш Мадазимовдун комуздарын да Нураалы чапкан.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата «Кол өнөрчүлөрдүн I кароо сынагы». Комузунун түрлөрү үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин III даражадагы диплому; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын II кароо сынагы». Элдик аспаптары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин II даражадагы диплому.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0