Тилебалиев Казыбек

Википедия дан

Тилебалиев Казыбек (1926, Панфилов району, Орто-Арык кыштагы -1977, Панфилов кыштагы) - алгачкы агартуучу, эл агартуунун отличниги (1965).

Фрунзедеги мугалимдер институтун сырттан окуп бүтүргөн (1954). Эмгек жолун мектепти бүткөндөн кийин айылдан баштаган.

Орто-Арык жети жылдык мектебинде кыргыз тили мугалими (1946-48), ошол эле мектепте директор (1949-51), Панфилов орто мектебинде мугалим (1951-53), Күрпүлдөк негизги мектебинде директор (1953-57), Панфилов райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы (1957-60), XV партсъезд негизги мектебинин директору болуп эмгектенген.

Суусамыр орто мектепте (1960-67), Кайыңды жардамчы жатак-мектебинде (1967-72), Киров атындагы орто мектепте директорлук (1972-77) кызматтарды аркалаган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы (1966), «Эмгектеги каармандыгы үчүн» (1970) жана «Эмгек ардагери» медалдары менен сыйланган.

1998-ж. Панфилов кыштагындагы жетим жана кароосуз калган балдардын жактак мектибине анын ысмы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9