Тил илиминин тарыхы

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Тил илиминин  жаралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

        Кайсы гана илим болбосун өзүнүн жаралуу , калыптануу жана  өнүгүп – өркүндөө пайда болот. Азыркы тил илими – бүгүнкү күнгө чейин принциптүү  көз караштардын , тилдин табияты, маңыз – мааниси  , аткарган кызматы, анын гносеологиялык жана онтологиялык концепциясы жөнүндөгү пикирлердин  жалпылаштырган  системасы. Биздин заманга чейинки 6 -5 миң жыл мурда эле египеттиктердин , шумерлердин ар кандай жазуулары ойлоп таап,  аларды пайдаланышкандыктарын  эске салганда эле,  тил маселелери  жөнүндөгү ой – пикирлердин  өтө узак тарыхы бар.

  Тил илиминин тарыхы      [оңдоо | булагын оңдоо]

19к тил илиминин өнүгүш тарыхында өзгөчө мааниге ээ мезгил. Анткени бул мезгилде “классикалык” тилдерден башка дагы  көптөгөн тилдердин  материалдары илимий  анализдердин алкагына алынып, жетишээрлик  факт- материалдын негизинде окумуштуулар  тилдердеги материалдык  окшоштуктарды, алардын жаралуу себептерин ачуу менен , тилдердин тектештиги  проблемасын негиздешет да , баба тил маселесин көтөрүшөт. Ушунун натыйжасында индоевропа  тилдери жана  ал тилдердин санскрит менен өз ара  тектештиги далилденет , тектеш тилдердин  тобу аныкталат.


       [оңдоо | булагын оңдоо]

       2. Тил илиминин өнүгүш этаптары.[оңдоо | булагын оңдоо]

   Тил илиминин жаралышын , өүгүшүн  жана калыптанышын  мезгилдерге бөлүштүрүү  анын өнүгүшүндөгү  негизги урунттуу этаптарды белгилөө аркылуу ишке ашырылышы  талапка ылайык. Андыктан тил илиминин жаралышынан үгүнкү  күндөгү өнүгүшүнө  чейинки  мезгилди камтыган  этаптар катары  төмөнкүлөр белгиленип жүрөт:

Байыркы мезгилдеги классикалык филологиядан 18к. тил илимине  чейинки мезгил .[оңдоо | булагын оңдоо]

Салыштырма – тарыхый  тил илиминин жаралыш жана өнүгүш мезгили (18к. Аягы 19к. Башы)[оңдоо | булагын оңдоо]

Тилдин филосфиясы жөнүндөгү көз караштар жана алардын өнүгүшү.(19к. Ортосуна туура келчү мезгил)[оңдоо | булагын оңдоо]
Младограмматизм, неограмматизм  жана тилдин социологиясынын  каралышы (19к. Аягы)[оңдоо | булагын оңдоо]
Азыркы тил илими жана структурализм. (20к. Башталып, азыркы мезгилге чейин туура келет)[оңдоо | булагын оңдоо]

Тил илиминин тарыхы боюнча күчтүү адис В. Томсендин сөзү менен айтканда “индустар жеткен  тил илиминдеги  бийиктик өтө баалуу – нарктуу жана  алардан үйрөнгөндүгүнө карабай , Европадагы тил илими 19к. Чейин  ал бийиктикке  көтөрүлө албады”.

Ушундан улам  тил илими тил жөнүндө  тээ байыркы  мезгилдерден тартып бүгүнкү күнгө  чейинки айтылган  көз – караштардын , илимий теориялардын , тилдик фактыларды  анализдөөнүн  метод – ыкмалары , принциптеринин жалпы системасы  болгондуктан , тил илиминин  жаралышынын  алгачкы мезгилдерден  тартып бүгүнкү күндөгү өнүкөн  тил илиминин  материалдарынын өздөштүрүнүн  илимий да, практикалык да , таанып – билүүчүлүк да мааниси өтө чоң деп эсептейиз.