Тил элдин байлыгы жана баалуулугу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

К. Бообекова, КТМУ.

Кыргыз тилин үйрөтүүдө негизги максат - коом ичинде жашаган атуулдарга улуттук аң сезимди калыптандыруу үчүн байланыш куруу болуп саналат. Ушул жерде маанилүү деп ойлогон бир окуяны бергим келип жатат. Кытай элинин улуу даанышманы Конфуцийге жанындагылар бир жолу мындай деп сурашыптыр:
- «Эгер сиз өлкөнүн башчысы болсоңуз, эң биринчи эмне кылаар элеңиз?» Уу

луу философ мындайча жооп бериптир:
- «Албетте эң биринчи тилге маани берип, аны оңдоо менен ишти баштамакмын».
Бул жоопту уккан элдин баары таң калып, аны карап калышат. Конфуций сөзүн улайт:
- Тил системалуу, эрежеге таянган, бир тартипте болбосо, сүйлөмдөр туура болбосо, сөздөр айта турган ойду жакшы бере албай калат. Ой жакшы, так, таамай түшүндүрүлбөсө, жасала турган иштер туура жасалбай, кээ бир жерлери кемтик бойдон калат. Милдеттер жана иштер өз орду менен так аткарылбаса, салт- санаа, маданият бузулат. Салт бузулса, адилеттик болбой, башкага ооп кетет. Адилеттик бузулса, эл эмне кылаарын билбей калат, анан бул иш эмне менен бүтөөрү да бүдөмүк болот. Так ушул себептен эч бир нерсе тилдей маанилүү эмес». Конфуцийдин тил тууралуу бул сөздөрү канчалык деңгээлде таамай айтылганы жогорудагы сөздөрүнөн даана көрүнүп турат. Бул ой азыр деле актуалдуулугун жоготпой келет. Бир элдин өнүгүү тарыхында тилдин ролу абдан маанилүү.

Биздер ата- бабаларыбыздан эки куттуу, ыйык мурас алып калдык: бири - Ата мекенибиз Кыргызстан, экинчиси – эне тилибиз. Мекен жана эне тили- бир коомду улут катары кармаган жана улуттук аң сезимди өнүктүргөн эки чоң ыйык баалуулук болуп саналат. Мекенди коргоо жана аны өнүктүрүү үчүн каны жаныбызды аябай, кандай тикебизден тик турсак, тилибизди да (ар түрдүү тилдик паразиттерден) коргоп өстүрүү, аны адабий тил деңгээлинен илим тили деңгээлине көтөрүү үчүн да ошондой сезимталдык, жоопкерчилик көрсөтүү зарыл. Тилибизди жоготуп алсак, улут болуу, улут катары жашоо же көз карандысыз болуу тууралуу сөз козгоонун зарылчылыгы калбай калат.

ХХ кылымдын экинчи жарымынан кийин бүт дүйнөдө байланыш технологиясы тармагында өтө тездик менен өнүгүүлөр жасалып, коомдук маалымат каражаттары белгилүү бир чектүүлүктөн чыкты. Каалаган учурда, дүйнөнүн ар кандай бурчунан кабар окуу, жазышуу, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Азыр үйдө отуруп эле 24 саат бою дүйнөдө эмне болуп жатканын билүүгө болот. Мындай байланыш жана компьютердик технологиянын өнүгүүсү менен катар, интернет аркылуу кишилер арасында байланыш оңой болуп, тездеди жана арзандады. Бул өнүгүүлөр тилдин өтө маанилүү курал катары колдонулушун өзгөртө албады. Бирок, технологиядагы мындай өнүгүү өзү менен бирге кээ бир мүчүлүштүктөргө, кедергилерге себеп болууда. Мисалы, ө, ү, ң тамгаларынын ордуна о, у, н тамгалары колдонулуп, сөздөрдү ката жазылганы аз келгенсип, жаштар уюлдук телефондордон, интернеттерден бири –бирине билдирүү, кабар жөнөтүүдө колдонгон кыскартылган жана ката жазылган «сленг» сөздөр көбөйдү да, «ушундай жазса деле боло бере турганы тууралуу» жаңылыш ой жана кайдыгерлик пайда болду. Тилекке каршы ошол сленг сөздөр жана бузук тил коомдо орун алып, кеңири жайылып келе жатат. Ошондой эле бир эле сөздү, мисалы «бет ачар» деген сөздү ар бир газетада жана журналдарда ар бар автор 8 түрдүү жазганын алсак болот.

Андан башка да соңку кабыл алынган орфографиялык эреже жазуу тилинде бир топ эле мүчүлүштүктөрдү өзү менен кошо ала келди. Жер- суу аттарын, административдик аймактардын аталыштарын жазууда мааниси түшүнүксүз көптөгөн жер аттары чыкты. Эски эреже менен жазууда жер- суу аттарынын эмнеден келип чыкканы, эмнеге байланыштуу экени түшүнүктүү болчу. Андыктан балким бул эрежелердин кайрадан каралып чыгуусу каталарды оңдоого жана келечекте тилдин бузулбашына азыртан салым болоор эле.

Ар бир киши сөздөр аркылуу ой жүгүртөт, сөздөр аркылуу жыйынтыка келет. Тил канчалык өнүккөн болсо, ойлор ошончолук даана берилет. Сөзүбүз, колдонгон тилибиз, түзгөн сүйлөмдөр аркылуу тилибиздин кандай деңгээлде экени таамай аныкталат. Ой жүгүртүү өзгөчөлүгүбүз билинет. Айтыла турган ойдун сүйлөм аркылуу бүткөнү же бүтпөй калуусу ошол тилдин өнүгүү, колдонулуу өзгөчөлүгүнө, тармагына жараша өзгөрөт. «Тил бир улуттун күзгүсү. Бул күзгүгө караганыбызда ал жерден өзүбүздүн чыныгы жүзүбүздүн чагылышын көрөбүз» (Шиллер).

«Сөздүн күчүн түшүнбөй туруп кишилердин күчүн түшүнө албайсыз. Сөздүн күчүн билбегендер менен маанилүү бир теманы сүйлөшүү мүмкүн эмес»- деп улуу философ Конфуций айткандай, сөздөрдү туура колдонбогонубуздан улам иштер аксап, туура эмес түшүнүүлөр болуп жатканы талашсыз. Андан да аралаш тил колдонуу аркылуу маалымат эне тилинен башка тил билбегендерге жеткиликтүү берилбей калып жаткансыйт.

Учурда бир эле эне тилин билүү жетпейт, орусча, англисче же башка чет тилди билүү, сүйлөө негизги өзгөчөлүк эмес. Маданияттуу жана билимдүү болуунун да бир критерийи эмес. Ал болгону зарылдык. Эне тили менен кошо башка тилдерди жана компьютерди билгенде гана иш табууга болот. Бул бизге окшогон кичинекей өлкө атуулдары үчүн талашсыз бир шарт.

Кыргыздар Кыргыз тили менен улут. «Улут болсоң тилиң менен улутсуң» -деп Мамлекеттик Тил башкармалыгынын алдына бакыйтып жазылган. Бирок, ал сөз жөн эле жазылып асылгандай сезилет. Телевизордон көргөндө да чогулуштарда сүйлөп жаткан кызматкерлер, жетекчилер башын жакшы эле Кыргызча баштап келип, ортолорго келгенде эле орус тилин аралаштырып жиберишет же чогулуш эки тилде өтөт. Аны көп учурда кээ бирөөлөр жеткиликтүү түшүнбөй калат да, иштердин аксоосуна, кечигүүсүнө себеп болууда. Дайыма орус –кыргыз тилдеринде аралаш өткөн чогулуштар же баарлашуулар, негизги ойлор калкка жетпесе деле боло берчүдөй элес калтырат. Уккан калк да, уккусу келбей калган учурлар кездешет. Калк өзүн ыңгайсыз сезип, маселе ал үчүн эмес, ошол сүйлөп жаткан чоңдорго гана тиешеси бардай кайдыгер карап калышат. Демек, мамлекеттик тил анча деле маанилүү орунда эмес болсо, аны ким убакыт, энергия, акча, күч коротуп үйрөнмөк эле? Ал Кыргызчаны үйрөнгүсү келбегендерди зордогонго да болбойт. Анткени, баш мыйзам аркылуу укугу корголгон.

Бир убакта 624 жыл бою дүйнөнү титиреткен Осман империясында жаңы «Османлыжа» деп аталган осман тили колдонулган. Бул тил империяны башкарган султандар, казынадагылар, вазирлер, аскерлер колдонгон түркчө, фарсча, арапча аралашкан тил болчу. Ал тилде негизги буйруктар, реформалар кабыл алынып жазылчу. Бирок, калктын дээрлик көпчүлүгү ал тилди түшүнчү эмес. Калк түркчө түшүнчү. Башкаруучулар менен калктын ортосундагы тилдик айырма алардын арасында ар түрдүү түшүнбөстүктөргө, кедергиге жана кайдыгерликтерге түрткү болгон. Кайдыгерлик болгон жерде чөгүү болот да. Кээде карап туруп, «биз да ошого окшоп бара жаткан жокпузбу?»- деген суроо эске келет. Бир тараптан «ооба», экинчи тараптан «жок». «Ообасы», кыргызча- орусча аралаш сүйлөшкөнүбүз, анан да карапайым калк кээ бир нерселерди түшүнбөй калганы. «Жок» тарабы, сөз эмне жөнүндө болуп жатканын орто жана жогорку билимдүү калк түшүнөт. Бирок, тилди ой келди колдонуу тилибиздин бузулушуна алып келүүдө. Натыйжада же толук Кыргызча эмес же толук орусча эмес бир тил чыгууда. Бул туура эмес кабыл алууга, жетерсиз котормолорго өбөлгө болууда. Мисалы, орусча, «я думаю о том, ...» деген сөз айкашын Кыргызчага тике которуп «Мен ойлойм..» дегендер көбөйдү. Кыргызчада ал «менин оюмча, менимче ... ушундай болот»- деп эле айтылуусу керек болчу. Тилдин жасалыш өзгөчөлүгү, сүйлөмдүн түзүлүшү бузулуп, мындай айтылган ой дароо жетпейт, келегей ой сыңары калат.
«Маданияттын биринчи баскычы эне тилинде жакшы сүйлөө жана жана туура жаза алуудан башталат» - деген түрк философу Пейами Сафа. Өз тилибизди туура, так сүйлөө, жазуу менен мекенге, элге, тилибиздин өнүгүүсүнө кызмат кыла алабыз. Өз тилибиз өнүккөндө карапайым элдин ой чабыты өнүгөт, кеңейет.

Конституциябызда- негизги мыйзамда 5- беренеде «мамлекеттик тил» деп белгиленген, бирок расмий тил эмес. Расмий тил орус тили экени 5- берененин экинчи бабында жазылган. Демек, «жергиликтүү калк, анын ичинен каалагандар мамлекеттик тилди байланыш каражаты катары колдонсо болот, каалабаса расмий тилибиз бар эмеспи» деген эне тилибизге солгун мамиле көрүнүп турат. Дал ушул солгун, кайдыгер мамиледен улам тилибиздин абалы чеке жылытпай келет. Талап катуу жана жетиштүү болбогондон улам, илим тили абалына келе албай жатат, илимий жана технология жаатында терминдер жетиштүү деңгээлде жана бирдиктүү түрдө кыргызчаланган эмес. Албетте эмгек жазып жатып ар бир автор колунан келишинче терминдерди кыргызчалаган болуп жатат, бирок, тил бирдиги, ой бирдиги сакталбай жаткан сыяктуу көрүнүш бар. Муну бир эле термин ар түрдүү автордун жазуусунда Кыргызча ар башкача аталганынан байкасак болот. Кээ бир жазууларда кээ бир илим тармагында илимий терминдер орусча бойдон эле аягына Кыргыз тилиндеги мүчөлөр уланып берилген учурлар көп эле кездешет.
Тил тууралуу ошол эле 5-берененин 4-бабында «Мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин кысымга алууга жол берилбейт» деп жазылган. Мындан өлкөбүздө жашаган Кыргыз эмес башка этникалык топко тиешелүү калктардын өкүлдөрү мисалы дунган, өзбек, тажик элинин өкүлү кыргызча же орусча билбесе да болот деген түшүнүккө алып барган жокпу? Анда ал убакыт өткөн соң, «мен да бул өлкөнүн атуулумун, менин да тилимди билишиңер керек» деген доомат менен чыкса, аныкы туура болот да. Себеби, мыйзам аркылуу укугу белгиленип жатпайбы. Муну 3-бапта да көрсө болот. «Кыргызстандын элин түзгөн бардык улуттардын эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет». Албетте, орус тили улуу тил, биздин эл ал тил аркылуу илим, билим, техниканы, технологияны үйрөндү, муну танууга болбойт. Бирок, өз тилибизди колдонбой же экинчи планга таштап коюу да туура эмес. Ошондой эле, өлкөдөгү башка элдер өз тилинде сүйлөсө сүйлөй берсин, ырдай берсин, а бирок өлкөнүн тили эч өзгөрүүсүз өнүкпөй калып жатат. Ага да көңүл буруу керек. Кыргыз тилин кыргыздардан башка эч ким сүйлөбөгөн бойдон калат, себеби, мыйзамда тил билүү зарылчылыгына басым жасалбайт. Тилибизди өлкөдө өнүктүрүү боюнча кээ бир ойлорду сунуштагым келди:

Сунуштар:
•Тилди өнүктүрүү жагын жаңы мыйзамды талкууга коюуда эске алуу керек. Антпесе, тил баягы бойдон калат же «аралаш тил» аркылуу артка да кете берүү, жоголуу ыктымалы да бар. Кечикпей ойлонуубуз, тил мыйзамы үчүн, тилди өнүктүрүү үчүн керектүү чара колдонуубуз зарыл.
• Мамлекеттик кызматтага кадр алууда өлкө атуулдарына Кыргыз тилин билүү талабын күчөтүү аркылуу ийгиликке жетише алабыз. Кыргыз тилин окуп, түшүнүү жана жаза алуусу кесиптик компетенттүүлүктүн бир критерийи катары баалануусу атуулдардын Кыргыз тилин үйрөнүүсүн тездетет.
• Тил үйрөтүүчү курстарга жалаң эле чет тилин эмес, Кыргыз тилин үйрөтүүнү да кошуу максатка ылайык. Чет тилге маани берип жатып, өз тилибиз унутта же кийинки планда калбасын.
• КГУСТАнын мугалимдери даярдаган Кыргызча компьютердик программалар кечиктирилбей эл арасына таратылуусу керек. Бул да илим жана технология тилин өнүктүрүүгө өзгөчө жардам болот.
• Эне тилибизди урматтоо, колдонуу, сактоо, өнүктүрүүнү ар бир атуулдун милдети катары мыйзамдык актыларда белгилөө.