Тиричилик химиясынын препараттарынан уулануу

Википедия дан

Тиричилик химиясынын препараттарынан уулануу. Ар бир үйдө тиричилигин жеңилдетүү (кирди тез кетирүү, кийим тазалоо), зыянкеч курт-кумурскаларды жок кылуу үчүн колдонулуучу тиричилик химиясынын көп түрү бар. Аларды туура эмес пайдалануу кээде өлүмгө алып келиши мүмкүн. Тиричиликте колдонулуучу химиялык заттарга косметикалык каражаттар, инсектициддер, кир жана так кетирүүчү заттар, лак-боёк каражаттар жана башкалар кирет.

Косметикалык каражаттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Косметикалык каражаттарга лосьон, атыр, чачты күтүүдө колдонулуучу каражаттар кирет. Булардын составында этил алкоголу, амил, бутил спирти болот. Алар нерв системасына тескери таасир тийгизет. Бул каражаттарды ичип алганда өтө оор ууланып, дем алуу жана жүрөк иши бузулат. Жеңил ууланганда баш ооруйт жана айланат, куску келет, ичеги-карын иши бузулат (ичи өтөт, ооруйт). Үйдөгү чымын-чиркей жана курткумурскага каршы инсектициддер да катуу жана өнөкөт ууланууну пайда кылышы мүмкүн.

Уксус[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиричиликте кеңири колдонулуучу 80%түү уксус (уксус эссенциясы) жана туз кислотасынын эритмеси, нашатырь спирти, жегич калий өтө коркунучтуу уу болуп эсептелет. Кислота же жегичти ичкенде ошол замат ооз, кулкун, дем алуу жолу катуу ооруйт. Былжыр чел күйүп калгандыктан ал шишийт, шилекей көп бөлүнөт. Дем алганда шилекей аба менен дем алуу жолуна кетип, дем кыстыгат. Бул учурда медициналык тез жардам чакырып, ал келгенче жабыркаган кишинин оозун чай кашыкка даки же бет аарчы ороп алып оозун тазалап туруу керек. Эгерде дем кыстыгуу белгилери байкалса ооздон мурунга жасалма дем алдыруу зарыл.

Кислота же жегичтер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кислота же жегич менен уулангандар көп учурда кан аралаш кусат, кээде кан көп кетиши мүмкүн. Бул учурда өз алдынча карынды тазалоого болбойт, себеби күчөп кусуп, кислота же жегич дем алуу жолуна кетип калышы мүмкүн. Жабыркаган кишиге 2—3 стакан (андан көп эмес) суу берүү керек, бул кислота же жегичтин күйгүзүү күчүн азайтат. Кээ бир кислота (мисалы, уксус кислотасы) канга түшкөндө кандын кызыл клеткасын — эритроцитти бузат. Тиричиликте өтө маанилүү органдардын (мисалы, бөйрөк) иши бузулат. Катуу күйүп калган киши шок абалына келиши мүмкүн. Кээде муунтат. Мында сөзсүз дарылоо мекемесине жеткирүү зарыл. Көздүн жана ооз былжыр челине түшкөн кислота жана жегичти суу менен жууп салат. Май такты кетирүүчү каражаттардын («Минутка», «Тип-Топ» жана башкалар) составында трихлорэтилен, төрт хлордуу көмүртек бар. Эгерде булар организмге кирсе боор жана бөйрөктүн ишин бузат.

Жардам көрсөтүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиричилик химиялык каражаттар менен уулануунун бардык учурунда медициналык тез жардам чакыруу зарыл. Ал келгенче жабыркаганды кустурат (кислота же жегичтен башка каражат менен ууланса). Эсин жоготкон болсо, ыңгайлуу жаткырып, башын бир капталына буруп коюу керек.
Ар кандай тиричиликте колдонулуучу химиялык каражаттарды туура (эрежесин бузбай) колдонуу, балдар жетпегендей жерге сактоо, билбеген затты курт-кумурскага каршы колдонбоо мындай уулануунун алдын алат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8