Тиса

Википедия дан
Тиса (Сегед).

Тиса (венгрче Tisza, сербче Tisa) – Борбордук Европадагы дарыя. Дунайдын эң узун (966 км) сол куймасы. Алабынын аянты 157 миң км2ден ашуун. Чыгыш Карпат тоолорунан башталып, көбүнчө Орто Дунай түздүгү менен агат. Ири куймалары: Боржава, Бодрог (оң), Сомеш, Кёрёш, Муреш (сол). Орточо чыгымы 810 м3/сек. Жазында кирет. Башына чейин кеме жүрөт. Сугатка кеңири пайдаланылат. ГЭС курулган. Боюнда Рахов (Украина), Сигету-Мармацией (Румыния), Сегед (Венгрия) ж. б. шаарлар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]