Иосип Броз Тито

Википедия дан
Тито Иосип Броз‎»‎ барагынан багытталды)
Tito 1965

Тито Иосип Броз (25. 5. 1892, Хорватия, Кумровец – 4.5. 1980, Любляна) – Югославиянын саясий жана мамлекеттик ишмери, маршал (1943), Югославиянын үч жолку Элдик Баатыры (1944, 1972, 1977), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1950), Югославиянын Президенти (1953-жылдан), Югославия коммунисттер союзунун төрагасы (1966), ЮСФР Президиумунун төрагасы (1971). Биринчи дүйнөлүк согушка катышып, Россияда туткунга түшкөн. 1917-ж. Омскиде Кызыл гвардияга кирген. 1920-ж. өз өлкөсүнө кайтып келип, Югославия компартиясынын (ЮКП) мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1928–34-жылдары сүргүндө болгон. 1934-жылдан ЮКП БКнын жана анын Саясий бюросунун мүчөсү. 1935-36-жылдары Москвада Коминтернде иштеп, Троцкий менен күрөшүүдө Сталинди колдогон. 1940-ж. октябрдан ЮКП БКнын генералдык секретары, 1941–45-жылдары Югославия элдик-боштондук армиясынын жана партизан отрядцарынын жогорку башкы командачысы, 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде Югославияда партизандык отряд уюштуруп, фашисттерге каршы күрөшкөн. 1945-ж. мартта Югославия Демокр. Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы, коргоо министри жана Министрлер Советинин төрагасы болуп дайындалган. 1945-ж. августтан Элдик фронттун, 1953–63-жылдары ЮФЭРдин Союздук аткаруу комитетинин төрагасы, 1952-жылдан Югославия коммунисттер союзунун (ЮКС) генералдык секретары (1966-жылдан төрагасы), 1974-жылдан ЮКСтин түбөлүк төрагасы, ЮСФРдин куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы болуп иштеген. Тито Ленин ордени, Жеңиш, 1-даражадагы Суворов, Октябрь Революциясы ордендери, ошондой эле Югославиянын ж. б. көптөгөн өлкөлөрдүн ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]