Титриметрия
Титриметрия – сандык анализде аныкталуучу зат менен реакциялануучу реагент санын өлчөөгө негизделген методу. Реагентти белгилүү концентрациядагы эритме катары колдонуп, анын реакцияга сарпталган көлөмүн ченейт. Ушуга байланыштуу аны көлөмдүк анализ деп да атайт. Реагенттер белгилүү концентрациядагы эритмеси стандарттык эритме же титрант деп аталат. Титрантты анализденүүчү эритмеге тамчылатып, кошуу процессин титрлөө дейт. Титрлөөнүн акыркы чекитин индикаторлор же инструменттик методдор жардамы менен аныктайт. Т. к-талык – негиздик, окистенүү-калыбына келүү, чөкмө чөктүрүү жана комплекстик бирикмени пайда кылуучу реакциялар колдонулат. Мында колдонулуучу реакциялар белгилүү талаптарды канаатандырышы керек, атап айтканда реакция тез жана стехиометриялык катышта жүрүп, эквиваленттик чекитти аныктоо мүмкүндүгү болуу керек.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6