Тифулез

Википедия дан

Тифулез - Typhula уруусундагы козу карын пайда кылуучу өсүмдүк илдети.

Илдетке беде, буудай ж. б. чалдыгат. Көбүнчө климаты нымдуу аймактарда жолугат. Беде Тифулезу беденин ар кандай түрүндө кездешет. Илдетке беде себилген жылы күзүндө чалдыгып, кийинки жылдары начар өсүп, жалбырагы куурап, түшүмү азаят. Күрөшуү чаралары: беде үрөнүн тазалоо, эгуү алдында дарылоо, саздуу жерди кургатуу ж. б. Илдеттен чүнчүгөн күздүк буудайдын өңү кара көк тартып, сабагы оңой жулунат. Буудай илдетке көбүнчө күзүндө, кээде жазында чалдыгат. Күрөшүү чаралары: терең коңтормо айдоо, жазгы малалоо, отоо чөптөрдү жок кылуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.