Тихонов Николай Семёнович

Википедия дан

Тихонов Николай Семёнович[22 (4). 11 (12). 1896, Санкт-Петербург – 8. 2. 1979, Москва] – орус совет жазуучусу, акын, публицист жана коомдук ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Чыгармалары 1920-жылдан жарыялана баштаган. «Сами» деген биринчи поэмасы 1920-ж. жарыкка чыккан. Кийин «Бетме-бет» (1924), «Киров биздин арабызда» (1941), «Ленинград согушууда» (1941), «Ордо» жана «Брага» (экөө тең 1922), «Тобокелчи» (1927), «Көчмөндөр» (1931), «Кахетия жөнүндө ырлар» (1935), «Грузия жазы» (1948) сыяктуу очерк, поэма, аңгеме, ыр жыйнактарынын, «Алты колонна» (1968, Лениндик сыйл., 1970) аттуу романдын автору. Чыгармалары чет тилдерге, анын ичинде кыргыз тилине да которулган (Т. Үмөталиев, Т. Шамшиев, О. Исмаилов, М. Түмөнбаев ж. б.). СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1942, 1949, 1952), Эл аралык Лениндик сыйлыктын (1957) лауреаты. Үч Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]