Тиштин жабылышы

Википедия дан
Тиштердин туура жабылышынын айрым түрлөрү (схемалык көрсөтүлүшү).

Тиштин жабылышы — үстүңкү жана астыңкы тиш катарларын тийиштиргенде алардын жайгашуусу.
Тиштин туура (физиологиялык) жана туура эмес (патологиялык) жабылышы белгилүү. Физиологиялык тиштин жабылышында үстүңкү жаактын маңдайкы туруктуу жана сүт тиштери астыңкы тиштерди бир аз жаап, үстүңкү жаактын ар бир тиши астыңкы жаактын эки тиши менен тийишип турат; 5-сүт тиш менен туруктуу акыл азуулар гана каршысындагы бирден тишке тийишет.

Тишти тазалоо ыкмалары.

Типтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиштин туура жабылышы жаактын түзүлүшүнө жана тиштин жантыгына жараша төмөнкү типтерге бөлүнөт: бир тибинде үстүңкү кашка тиштер астыңкы кашка тишти бир аз жаап турат (ортогнатия); экинчи түрүндө астыңкы жаактын маңдай тиштери үстүңкү тиштерди бир аз жабат (ортогения); үчүнчү тибинде астыңкы жана үстүңкү маңдай тиштердин учтары аттиштей болуп тийишет.
Тиштердин туура эмес жабылышы тиш катарлары тийише турган каршысындагы тиштин жоктугунан болот. Ал көбүнчө бет скелети өөрчүп жаткан мезгилде жаактын травмага учурашы (анын ичинде төрөттөн жабыркоо), итий, мурун-кулкунда шишик өсүп, оозу менен дем алуу, сүт тиштерди эрте жулуп салуу жана башкалар себептен келип чыгат. Жаактын деформациясы жана ага жараша тиштин туура эмес жабылышы жай (кээде ооругандан бир нече жылдан кийин) өөрчүйт. Тиштин туура эмес жабылышына айрым учурда балдардын зыяндуу адаттары (упчу соруу, бармагын соруу жана башкалар) да себеп болот. Айрым учурда тубаса (тукум куума) болушу мүмкүн. Тиштин туура эмес жабылышында чайноо кыйындайт, көпчүлүк тыбыштарды айта албай, чыкый-жаак мууну оорушу, ооз кургашы мүмкүн жана башкалар. Тиштин туура эмес жабылышынын бир нече түрү белгилүү. Астыңкы жана үстүңкү жаактары абдан узун болгондо маңдайкы тиштери алдыга кетип, арасы ачык болуп эриндери да алдыга созулуп турат. Үстүңкү жаагы өтө узун кишилердин маңдай тиши алдыга озуп (орсок тиш), астыңкы маңдай тиштер менен тийишпейт, үстүңкү эрини кыскадай көрүнөт. Ал эми астыңкы жаагы өтө узун болгондо ээк озуп, маңдай тиштер тийишпейт, алдыңкы эрин алдыга чыгып турат (кем ээк). Эки жаагы тең өсүп жетилбеген учурда беттин төмөн жагы кыска болуп, артка кеткенсип турат. Үстүңкү жаак өсүп жетилбеген учурда тиштер тийишпей, үстүңкү тиштерден астыңкылар ашып турат. Астыңкы жаагы жетилбеген кишилерде ээк артка кеткенсип, тишти жапканда маңдай тиштер тийишпейт, үстүңкү тиштер астыңкыдан ашып турат. Тиштин туура эмес жабылышын 6—12 жашта дарылоо сунуш кылынат. Жаш өткөн сайын аны оңдоо кыйындайт. Чоң кишилерде кээде операция жана жасалма тиш коюу менен оңдолот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8