Тишти күтүү

Википедия дан
Щетканын жардамы менен тиш тазалоо

Тишти күтүүооздун ичин (тишти) таза кармоо.

Тазалоочу заттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал үчүн тиш жуугуч щётка, паста, күкүм жана атайын оозду чайкоочу заттар пайдаланылат. Тиш жуугуч щётканын чоңдугу жана кылдарынын катуулугу да ар түрдүү болот. Жумшагыраак кылдуу щётканы пайдалануу жакшы. Аны 4 айча колдонуп, андан кийин жаңыртуу керек. Ар кимдин өзүнүн щёткасы болуп, кутучада сактоо сунуш кылынат. Тишти жууп бүткөндөн кийин аны самындап коюп, тиш жуурда самынын жууп салуу керек.
Тиш жуугуч күкүмдөргө дарылоочу касиет берүү максатында түрдүү заттар колдонулат. Мисалы, «Жемчуг» күкүмүнө кальций глицерофосфаты, «Особый» күкүмүнө 2%түү натрий бикарбонат кошулат. Бул күкүмдөр тишке кебер жана таш көп чогулган кишилерге сунуш кылынат.

Тиш пасталары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиш жуугуч пасталардан «Лесная», «Жемчуг» жана башкалар дарылоо жана алдын алуу касиетине ээ. Алардын составында тиштеги кеберлерди эритип, бүйлөнүн сезгенүүсүн азайтуучу, ооздун жытын жакшыртуучу заттар бар. Айрым тиш жуугуч пасталар (Мери, Поморин) тиштин чиришин алдын алуу касиети болгону менен ооздун былжыр челин дүүлүктүрүп, канатат.

Эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тишти тазалоодо щётканын кыймылы тиштин түбүнөн башын көздөй болуп, бүйлөнүн четин жабыркоодон сактоо зарыл. Тишти жуугандан кийин (озду жакшы чайкоо керек. Тишти эртең менен паста, кечинде пастасыз эле щёткалап жууса болот. Уктарда оозду чайкап жатуу сунуш кылынат. Балдарды 2—3 жашынан тишин жууганга үйрөтүү зарыл.
Тиштин арасына тыгылып калган тамак-аш калдыгын металл менен тазалоого болбойт. Ал үчүн атайын жыгачтан же пластмассадан жасалган тиш чукуурлар сунуш кылынат.
Тишти, ооз көңдөйүн туура күтүү, тиш ооруларын убагында дарылоо, кош бойлуулар менен эмчектеги балдардын жакшылап тамактануусу тиштердин соо болушун камсыз кылат. Оорулуу тиштерди таап дарылоо, ошондой эле алдын алуу чараларын жүргүзүү үчүн жылына 2 жолу врач-стоматологго барып туруу зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8