Тиштүү кыймыл өткөргүч
Тиштүү кыймыл өткөргүч - тиштүү дөңгөлөктөрдөн (рейкадан) турган валдардын ортосундагы айланма кыймылды берүүчү жана айлануу жыштыгын өзгөртүүчү механизм.
Тиштүү кыймыл өткөргүч параллель октуу - цилиндр түрүндө жана кесилишкен октуу - конус түрүндө, кайчылаш октуу-тиш- бурамалуу болуп бөлүнөт.
Тиштүү кыймыл өткөргүчтүн айрым учуру - тиштүү рейкалуу кыймыл өткөргүч. Машина айлануу кыймылы алга жылуу кыймылына же тескерисинче өзгөртүлөт. Сырткы бетиндеги тиштери менен илинишме Тиштүү кыймыл өткөргүч көбүрөөк, ал эми ички бетиндеги тиштери менен илинишме Тиштүү кыймыл өткөргүч аз колдонулат. Иштөө шартына жараша тик бурчтуу, кыйгач бурчтуу жана тегерек тиштүү дөңгөлөктөр жасалат. Машина жана механизмдерде берүү саны туруктуу болгон Тиштүү кыймыл өткөргүчтөр колдонулат. Тиштүү кыймыл өткөргүч механикалык кыймыл өткөргүчтүн абдан рационалдуу жана көп тараган түрү. Тиштүү илинишүүнүн түрү боюнча Тиштүү кыймыл өткөргүч цилиндрлик, конустук, червяктуу, винттүү, гипоиддүү ж. б. болуп айырмаланат. Ал жөнөкөй бир баскычтуу кыймыл өткөргүчтөн баштан татаал дифференциал механизмдерде, редукторлордо, бурчтук жана толгоо моменттерин өзгөртүү үчүн колдонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.