Мазмунга өтүү

Товардын бажылык наркы

Википедия — ачык энциклопедия

Товардын бажылык наркы – КР бажы мыйзамдарына ылайык, жарнак ээси тарабынан аныкталган жана төмөнкү максатта колдонулуучу товар наркы: товарга алым салуу; тышкы экономикалык жана бажы статистикасы; соода-экономикалык мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуунун башка чараларын колдонуу (тышкы соода бүтүмдөрүнө жана алар боюнча банк эсебине валюталык көзөмөл жүргүзүү менен кошо). Т. б. н-н аныктоо тутуму (бажы баалоосу) эларалык тажрыйбада кабыл алынган бажы баалоосунун жалпы принциптерине негизделип, КР бажы аймагына ташылып келинген товарларга тийешелүү болот. Т. б. н-нын тууралыгы тийешелүү КР бажы органдары тарабынан аныкталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]