Товарларды убактылуу ташып келүү
Көрүнүш
Товарларды убактылуу ташып келүү – чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук же жарым-жартылай, шарттуу бошотуу менен товарларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө КР мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз КР бажы аймагында пайдаланылган бажы режими. Товарлар аларды кайра ташып кетүүдө (реэкспорт) бажы органдары тарабынан идентификацияланышы мүмкүн болгон шартта Т. у. т. к-гө жол берилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7