Товар жүгүртүү
Товар жүгүртүү –
1) товар айланышы;
2) өндүрүш каражаттарын жана керектөө буюмдарын сатуу наркынын жалпы суммасынын экономикалык көрсөткүчү.
Товар жүгүртүү дүң (дүң соода) жана чекене (чекене соода) болуп бөлүнөт. Дүң Товар жүгүртүү өндүрүштүк жана сатуучу ишканалардын чекене соода кылуучу уюмдарга жана кайрадан иштеп чыгуучу ишканаларга сатуу көлөмүнөн турат.
Чекене Товар жүгүртүү элге товар сатуунун көлөмүн чагылдырып, чекене соода тармактары, коомдук тамактануу ишканалары, о. э. ателье, оңдоочу мастерскойлор ж. б. аркылуу элге товар сатууну жана кызмат көрсөтүүнү камтыйт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9