Мазмунга өтүү

Того

Википедия долбоорунан

Тоголез Республикасы
фр. République togolaise

Герб
Туу Герб
Урааны: «фр. Travail, Liberté, Patrie (Эмгек, Эркиндик, Мекен)»
Гимн: «Salut à toi, pays de nos aïeux»noicon
Эгемендүүлүк күнү 27-апрель 1960-жыл

Франциядан)

Расмий тили француз тили
Борбор шаары Ломе
Ири шаарлар Ломе, Сокоде, Кара
Башкаруу формасы президенттик республика
Президент
Премьер-министр
Фор Эссозимна Гнассингбе
Виктуар Сидемехо Томега-Догбе
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
127-орун - дүйнөдө
56 785 км²
4,2
Калкы
• Бааланган (2022)
Жыштыгы

8 095 498 адам (101-орун)
125,9 ад./км² (60-орун-дүйнөдө)
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2023)
  • Ар бир жанга

25,103 млрд $ (151-орун)
2 767 $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

9,621 млрд $ (157-орун)
1 004 $
АДӨИ  0,515 (төмөн) (167-орун)
Этнохороним тоголез, тоголездиктер
Акча бирдиги КФА франкы
Домени .tg
ISO коду TG
ЭОК коду TOG
Телефон коду +228
Убакыт аралыгы UTC ±00:00

Того (фр. Togo), расмий түрдө ― Тоголез Республикасы (фр. République togolaise) ― Батыш Африкада жайгашкан мамлекет[1].

Батышынан Гана, чыгышынан Бенин, түндүгүнөн Буркина-Фасо менен чектешет. Түштүгүндө Гвинея булуңунда жайгашкан чакан жээк тилкесине ээ[2].

Этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Того» топоними эве тилиндеги «лагунанын аркы өйүзүндөгү жер» деген маанидеги сөздөн келип чыккан деген божомолдор бар[3]. Башка божомолдорго таянсак бул аталыш «Того» гидрониминен келип чыккан[4]. 1905-жылы Германиянын колониялык бийлиги өз колониясын «Тоголенд» деп атаган, 1960-жылы өлкө көз карандысыздыгын жарыялап, расмий түрдө «Тоголез Республикасы» деп аталып калган.

Тогонун картасы
Кпалиме шаарынын айланасындагы тоолор
Кара дарыясы
Воме шаркыратмасы
Суу сактагыч

Того Батыш Африкада жайгашкан чакан мамлекет болуп эсептелет. Ал батышынан Гана, чыгышынан Бенин жана түндүгүнөн Буркина-Фасо менен чектешет. Өлкөнүн түштүгү Гвинея булуңунун суулары менен чулганат жана жээк тилкеси 56 км түзөт. Аянты боюнча Того Африка континентиндеги узун, бирок туурасы ичке болуп жайгашкан мамлекеттердин бири болуп эсептелет, анын узундугу болжол менен 600 км, ал эми аймагынын эң кең жеринде туурасы 160 км гана[5]. Өлкөнүн жалпы аянты 56 785 км² түзүп, дүйнөдөгү мамлекеттердин арасында орточо чоңдуктагы өлкөлөрдүн катарына кирет. Того негизинен ойдуңдардын, дөңсөөлүү жерлердин жана тоолордун айкалышынан турган ар түрдүү ландшафтка ээ[6].

Түштүк жээк аймагы – Бул аймак Гвинея булуңунун боюнда жайгашкан. Жээкте негизинен кумдуу пляждар жана лагуналар бар. Бул аймакта климат тропиктик болуп, жыл бою жогорку нымдуулук жана жаан-чачын байкалат[1][7].

Түштүк түздүктөрү жана өрөөндөрү – жээктен анча алыс эмес жерде Того өрөөнү жана түздүктөрү башталат. Бул аймак айыл чарба иштери үчүн пайдалуу болуп, калктын басымдуу бөлүгү ушул жерлерде жашайт[1][7].

Того тоо кыркалары – Того аймагынын борбордук бөлүгүндө Того тоолору орун алган. Бул тоо кыркалары Гананын аймагынан башталып, өлкөнүн борбору аркылуу өтүп, Бенинге чейин созулат. Бул тоолуу аймак Того өлкөсүнүн климаттык жана экологиялык маанилүү аймактарынын бири болуп эсептелет. Тоолордун эң бийик чекити Монт-Агуле (986 м)[1].

Түндүк түздүктөрү жана саванналар – Того аймагынын түндүгүндө бийик түздүктөр жана саванналар басымдуулук кылат. Бул аймакта чөлгө жакын климат байкалат жана жамгыр аз жаайт[7][8].

Суу ресурстары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тогонун суу ресуртары негизинен дарыялар, көлдөр жана суу сактагычтардан турат. Тогонун аймагынан көптөгөн дарыялар агып өтөт, алардын ичинде эң чоңдору — Оти, Мо, Кара, Моно[1].

Тогодо көлдөр көg эмес, бирок бул аймактагы көлдөр айыл чарбасына, аңчылыкка жана экосистеманын туруктуулугун камсыз кылууга маанилүү. Көлдөр суунун сакталуусун жана экосистемалардын ар түрдүүлүгүн камсыз кылат. Тогодо көптөгөн сууну сактоочу жайлар бар, суу сактагычтардын көпчүлүгү энергетика жана суу менен касыз кылуу максатында курулган. Бул суу сактагычтар айыл чарбасына суу берүү, электр энергиясын өндүрүү жана адамдарга сууну жеткиликтүү кылуу үчүн колдонулат[1].

Того тропикалык климаттык аймакта жайгашкандыктан, анын климаты жыл бою жылуу жана нымдуу болот. Өлкөнүн климаттык шарттары географиялык жайгашуусуна жана Атлантика океанынын таасирине жараша өзгөрүп турат. Жалпысынан Тогонун климаты эки негизги мезгилге бөлүнөт: жаан-чачындуу мезгил жана кургакчыл мезгил[5][8].

Тогонун түштүк бөлүгү экваторго жакын жайгашкандыктан, ал жердеги климат нымдуу экватордук климатка жакын. Бул аймакта жылына эки жолу жаан-чачындуу мезгил байкалат: биринчиси марттан июльга чейин, экинчиси сентябрдан ноябрга чейин уланат. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 1000-1400 ммге жетет. Ноябрдан мартка чейин кургакчыл мезгил өкүм сүрөт, бул убакта Тогонун түштүгүндө абанын температурасы 25°C – 30°C ортосунда болуп, салыштырмалуу нымдуулук жогору[5][1].

Тогонун борбордук бөлүгү өтмө климаттык аймакта жайгашкан, бул аймакта жаан-чачын түштүккө караганда азыраак жаайт. Борбордук бөлүктөгү жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 900-1000 ммди түзөт. Бул жерде жылдык аба температурасы 25°C тегерегинде болуп, жыл ичинде анча көп өзгөрбөйт.

Түндүк Тогонун климаты субэкватордук мүнөзгө ээ. Бул аймакта кургакчыл мезгил узагыраак созулуп, жаан-чачын майдан октябрга чейин гана жаайт. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү болжол менен 800-1000 ммди түзөт. Декабрдан февралга чейин түндүктө «Харматтан» деп аталган кургак жана чаңдуу шамал согуп, абанын нымдуулугу төмөндөп, күндүзгү аба температурасы 30-35°C жетет, ал эми түнкүсүн 15-20°C чейин төмөндөйт[5][1].

Жаратылыш байлыктары жана экологиялык көйгөйлөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Того өлкөсүндө фосфат кендери эң негизги минералдык ресурстар болуп саналат. Мындан тышкары, өлкөдө темир рудасы, марганец жана алтын сыяктуу башка пайдалуу кендер да бар. Айыл чарба экономикасынын негизги тармагы болуп эсептелет, негизинен кофе, какао жана пахта өстүрүлөт. Бирок, өлкөдө токойлордун кыйылышы, жер кыртышынын деградациясы жана суу ресурстарынын булганышы сыяктуу экологиялык көйгөйлөр бар. Буга байланыштуу, бийлик жана эл аралык уюмдар токойлорду коргоо жана жер кыртышын калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]