Тойбаев, Мырзабек Раевич

Википедия дан
Тойбаев Мырзабек
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Мырзабек Тойбаев
Туулган жылы: 1935-жыл
Туулган жери: Алчалуу айылы, Чүй району, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: драматург, акын, журналист, илимпоз
Наамдары:

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Тойбаев, Мырзабек Раевичдраматург, акын, журналист, илимпоз

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мырзабек Тойбаев Чүй районунун Алчалуу айылында 1935-жылы 25-январда туулган.
1952-жылы Алчалуу орто мектебин,
1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1965–1968-жж. Кыргыз ССР илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда аспирантурада окуп, «Кыргыз драматургиясындагы жаңы адамдын образы» деген темада кандидаттык диссертациясын жактайт (1970).


Эмгек жолун 1958-жылдан Кыргыз радиосунда редактор, Фрунзе телекөрсөтүү студиясында жооптуу редактор болуп иштөөдөн баштаган. Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин чакыруусу менен «Кыргызстан пионери» гезитинин адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат.
1968–1971-жж. Кыргыз Совет энциклопедиясынын маданият жана ис-кусство редакциясынын башчысы,
1976-жылга чейин Кыргыз ССР маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык кошмо коллегиясынын башкы редактору болуп иштеген.
1977–1979-жж. Актерлор Үйүнүн директору,
1980–1985-жж. Жазуучулар союзунда адабий консультант,
1991-жылдан республикалык «Кыргыз тили» коомунун вице-президенти,
1994-жылдан Жазуучулар союзунун аппаратынын башчысы,
1993–2006-жж. Кыргызстан драматургдарынын ассоциациясынын президенти,
2002-жылдан Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлер ассамблеясынын коомдук бирикмесин уюштуруп, анын биринчи вице-президенти,
2006-жылдан Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин ассамблеясынын президенти,
2000-жылдан «Кыргызстан – Россия достугу» коомунун башкармачылыгынын мүчөсү, анын вице-президенти болгон.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармачыл жолун 1948-жылы акын катары баштап, 1952-жылдан драматургия жагында иштейт. Эң биринчи китеби «Ак пейил» 1963-жылы жарык көргөн.
М.Тойбаевдин Т.Сатылгановдун жүз жылдык юбилейине арналган «Токтогулдун күлкүсү» деген комедиясы республикалык элдик театрларда, 1967-жылы «Жаңы келин» аттуу комедиясы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык драмтеатрында чоң ийгилик менен коюлган.
Анын бир нече пьесалары орус, өзбек, казак, түркмөн, тажик, каракал-пак, татар, башкыр, монгол, уйгур, дунган, якут, украин, түрк ж.б. тилдери-не которулуп коюлган.
М.Тойбаев дүйнөлүк драматургиядан Артур Миллердин «Баары менин балдарым», орус классикасынан А.Чеховдун «Аюу», С.Михалковдун «Үйүмө кетким келет», боордош элдерден Хамза Хакимзаде Ниязинин «Бай жана батрак», К.Мухаметжановдун, Д.Исабековдун, А.Абдугафуровдун ж.б. пьесаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле коллективдүү жыйнакты «Жаш калем» (Молодое перо) кыргыз тилине которгонго катышкан.
М.Тойбаевдин жүзгө жакын ырына композиторлор: А.Малдыбаев, М.Абдраев, С.Осмонов, С.Жумалиев, К.Эралиева ж.б. тарабынан музыка жазылган.
1967-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1963-жылдан СССР Театр ишмерлер союзунун мүчөсү.

Ардак наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1989-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер»
2005-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наамдар берилген.
1995-жылы КР «Эл агартуусунун отличниги»
2007-жылы «КР маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгилери менен сыйланган.
«Жөн эле Майраш» пьесасы (Ж.Кулмамбетов менен бирге жазылган) Т.Абдумомунов атындагы сыйлыкка татыктуу болгон (1994).
«Асыл адам-дар» ырлар циклы (Б.Бугубаев менен бирге) А.Токомбаев атындагы сыйлыкка татыктуу болгон (2008).
1995-жылы «Манас – 1000» медалы менен сыйланган.
М.Тойбаев СССР Жазуучулар союзунун, ВЛКСМ БКнын, Кыргызстан ЛКЖС БКнын, Якут-Саха автономиялуу Республикасынын бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган.
Республикалык кароо-сынактарда Өкмөттүк комиссия тарабынан 10 чыгармасы лауреаттык наамдарга татыктуу болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Ак пейил: Балдар үчүн пьесалар жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупед-мамбас, 1963. -112 б.
Ак пахта: Композитор Давлесовдун музыкаларына жазылган ырлар жый-нагы. – Ф.: Мектеп, 1965. -24 б.
Жүргүлө, достор!: Ырлар, кутучада. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 40 б.
Ынтымак: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1967. – 52 б.
Замандаштардын образы жана сахна. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 68 б.
Мезгил, адам, драма. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 156 б.

Жаңы келин: Пьесалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 187 б.

Турмуш, сахна, мүнөз. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 160 б.

Ыйык жол: Пьесалар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 222 б.

Ак жол: Драмалар жана комедиялар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 192 б.

Пишпектин уулу: Пьесалар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 256 б.

Драмалар жана комедиялар: Пьесалар жыйнагы. – Ф.: Адабият, 1990. – 408 б.

Чыгармалар: Пьесалар, ырлар, аңгемелер, очерктер, макалалар жыйнагы. – Б.: Учкун, 1997. – 575 б.

Өчпөс жылдыз: Тарыхый драма. – Кант типографиясы, 1998. – 82 б.

Чыгармалар жыйнагынын 7 томдугу. – Б.: Бийиктик, 2007.

I т. – Б.Алагушевдин баш сөзү. Ырлар, аңгемелер, ноталуу ырлар. – 528 б.

II т. – Бир актылуу пьесалар (кыргызча, орусча). – 432 б.

III т. – Пьесалар, макалалар. – 448 б.

IV т. – Пьесалар. – 528 б.

V т. – Кыргыз тилине которгон чыгармалар. – 480 б.

VI т. – Орус тилине которулган пьесалары, макалалары. – 576 б.

VII т. – Илимий эмгектери, арноо ырлары, чыгармачылык библиогра-фиясы, макалалары. – 640 б.

ПЬЕСАЛАРЫ

Кыргыз тилинде

Эмил эми түшүндү: Бир актылуу, эки сүрөттүү пьеса. //Жаш ленинчи, 1954. № 11. 17–19-б.

Жети өлчөп, бир кес: Бир актылуу, үч сүрөттүү комедия. // Клубдук сахна, – Ф., 1955. № 2. 64–77-б.

Класстагы окуя: Бир актылуу комедия. 1956. II том 34-б.

Уят өлүмдөн катуу: Бир көшөгөлүү драма. – «Ала – Too», 1956, № 6.

Сарман кантип сакайды: Бир актылуу драма. II том, 56-б.

Элдин иши: Бир актылуу пьеса. // Клубдук сахна, – Ф., 1958. № 3. 37 – 49-б.

Шектенүү: Бир көшөгөлүү пьеса./К-те: Бир актылуу пьесалар. – Ф.: Кыр-гызмамбас, 1960.

Жылдыз: Төрт актылуу драма. К-те: Пьесалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958.

Сүйгөнүм: Эки актылуу драма. – Клубдук сахна. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960.

Кимиси акын?: Эки көрүнүштүү сценка. // Клубдук сахна: Репертуардык жыйнак. № 1. Ф., 1960. 52–55-б.

Ашык буюмдар: Сценка. // Кыргызстан пионери. – 1961, 26-авг.

Атанын баласы: Төрт актылуу драма. К-те: Жаңы пьесалар. – Ф.: Кыргыз-мамбас, 1961.

Жекшембиде бир күнү: Бир көшөгөлүү, эки сүрөттүү комедия. // Кыргыз-стан пионери. 1961. 18-февр.

Пионердик сөзүм: Бир көшөгөлүү комедия. // Жаш ленинчи. 1961. № 2. 20–24-б.

Алтынай: Пьеса. Сүрөттөрү: К.Аманкожоевдики// Жаш ленинчи. 1962. №11. 12–14-б.

Болжошуу: Студенттик эки көшөгөлүү лирикалык комедия. // Ленинчил жаш. 1962, 7-янв.

Космостогу укмуштуу окуялар: Мектептин куурчак театрлары үчүн 3 актылуу, 5 көрүнүштүү фантастикалык пьеса. // Жаш ленинчи, 1963. №10. 8–13; №11 21–24-б.

Кочкорбай: Сатиралык интермедия. // Чалкан. 1963. №12. 10-б.

Ар жагын айтпайын, туугандар...: Сатиралык интермедия. – Клубдук сахна. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964.

Айылдык кабарчы: Бир көшөгөлүү, эки сүрөттүү пьеса. К-те: Жаштык сапар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964.

Токтогулдун күлкүсү: Бир актылуу комедия. К-те: Бир көшөгөлүү пьеса-лар. – Ф: Мектеп, 1965.

Азамат: Бир актылуу комедия. – Клубдук сахна. – Ф.: Кыргызмамбас, 1966, №1.

Унутчаак жеңе: Бир актылуу комедия. К-те: Пьесалар: Жыйнак. – Ф.: Кыр-гызстан, 1969.

Валянын каттары: Үч акт, жети сүрөттүү пьеса: Репертуардык жыйнак. – Ф.: Кыргызстан, 1968.

Жаңылуу: Эки сүрөттүү студенттик комедия. – Клубдук сахна. – Ф.: Кыр-гызстан, 1970.

Талаа гүлдөрү: Эки бөлүмдүү, алты сүрөттүү лирикалык комедия. – «Клубдук сахна». – Ф.: Кыргызстан, 1970, № 2.

Жаңы келин: Прологу жана эпилогу бар эки бөлүмдүү комедия. К-те: «Жаңы келин». – Ф.: Кыргызстан, 1973.

  1. Жоронун жоругктары: Балдар үчүн эки актылуу комедия. «Жаш ленинчи» 1974. №5, №6, №7.

Ак тамак, көк тамак: Эки бөлүмдүү, төрт сүрөттүү лирикалуу комедия. – «Ала-Тоо», 1974, № 7.

Ыйык жол:Үч көшөгөлүү драма. – «Ала-Тоо», 1976

КОТОРМОЛОРУ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хамза Хаким заде Ниязи. Бай жана батрак. Төрт көшөгөлүү драма, II том-до 241–354-б.
Гармаа Доржийин, Мелдеш: Аңгеме. – «Кыргызстан пионери», 1980, 14.05.
Бердикулов С. Ата: Повесттен үзүндү // «Ленинчил жаш», 1968, 16-март.
Домбаев Е. Сенин досуң: Пьеса. «Кыргызстан пионери», 1965, 20. XI.
Абдулла А. Үмүт жылдызы: Пьеса. – «Жаш ленинчи», №6, №7. 1973.

Абдугафуров А. Күйөөлөргө күлкү. Үч акт. комедия. «Ала-Тоо», 1980, №5.

Абдугафуров А. Аталар мурасы: Драмалар жана комедиялар /Которгондор Каипов Б., Тойбаев М., Сырымбетов А. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 150 б.

Абдугафуров А. Тилимден таптым; Телефондун пайдасы: Интермедиялар // «Кыргызстан маданияты». №16, 1983. – 21.04.

Кунакова Р. Өмүр гүлү; Жакшы ага; Ороз менен Короз; Гүлмираш; Жар-дам берем: (Ырлар) // «Кыргызстан пионери». 1965, 6.03.

Тажибаев Б. Жаш уландар ыры / «Кыргызстан пионери», 1965. 27.05.

Бердикулов С. Разряддын сыры / «Кыргызстан аялдары», №9, 19–20. 1996.

Кыш келди; Жарашык артылат: Ырлар // «Кыргызстан пионери», 1966. 10.02.

Чоң ата жана небере: Жомок / «Кыргызстан пионери», 1966, 28.05.

Иоахим Кунц Кыргыз кызы: ыр / Которгондор: Баймурзаева Ш., Тойбаев М. / «Ленинчил жаш» 1967, 24.02.

Петер Шүтт Алданган кара кунас; Бакыт, Жалкоо, Физик ата: Ырлар/Короз жана корзинка: Тамсил/Которгодор: Баймурзаева Ш., Тойбаев М./ «Ленин-чил жаш», 1967. 24.02.

Баласагуни Юсуп. Дыйкандар тууралуу; Усталарга кандай мамиле жасоо керектиги жөнүндө; Үйлөнүү жөнүндө: Ырлар / «Кыргызстан маданияты». 1973, 13.09. 11-б.

Чехов А.П. Аюу: Бир көшөгөлүү тамаша. «Ала-Тоо», 1973. №2. 56–65-б.

Баласагуни Юсуф. Хас хаджиб. Билимдин куту; Сөз башы: Дастан / «Ала-Тоо», 1974, №12. 86–96-б.

Баласагундук Юсуп. Билимдин куту: «Кутатгу билиг» аттуу классикалык поэмадан үзүндүлөр / «Кыргызстан маданияты», 1976. 29.07. 16-б.

Баласагуни Юсуф. Жети планета менен зодиактын он эки белгиси жөнүндө: Дастандан үзүндү / «Жаш ленинчи», 1976. №8. 16-б.

Кожоназаров У. Өмүр баян; Коңур күз: Ыр / «Кыргызстан маданияты», № 30. 1977, 21.06. 6-б.

Иванов А. Качуу: Аңгеме / «Кыргызстан маданияты», 1978, 13.04. №16. 8–9-б.

Петер Шүт. Мен Чилиде жашабайм...; Бул ыр эмес каршылык!: Ыр. // «Кыргызстан маданияты», 1981, 29.07. №30. 7-б.

Иванов А. Велосипедчи: Аңгеме // «Кыргызстан маданияты», 1982, 25.03. №13. 8–9-б.

Дүйсенбаев Исатай. Эрди-катындын айтышы: Сатира / «Кыргызстан ма-данияты», 1986, 2.01. №1. 15-б.

Босиков Н. Тууган жер: Ыр / «Ленинчил жаш» 1987, 13.06.