Тойгонбаев Абдувап

Википедия дан
Тойгонбаев, Абдувап‎»‎ барагынан багытталды)

Тойгонбаев Абдувап (1931-жылы Ноокат району, Кыргыз-Ата кыштагында төрөлгөн) — тамеки өстүрүүчү, Социалистик Эмгектин Баатыры (1974). 1972-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун Ноокат районундагы Э. Тельман атындагы колхоздо иштөөдөн баштаган, 1962-жылдан эсепчи, 1967-жылдан тамеки өстүрүүчү бригаданын бригадири. Анын бригадасы тамеки өстүрүүдө жыл сайын жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен.

photo by Bekbolot Sadykov (Сурот киргизген Бекболот Садыков)

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.
  • Frunze Sovetnik Kyrgyzstan, Newspaper Archives December 16, 1988 Page 3
  • Photo by Bekbolot Sadykov