Мазмунга өтүү

Тойчиев Кулмат

Википедия — ачык энциклопедия

Тойчиев Кулмат (1941-ж.т., Шекафтар айылы) - СССР маданиятынын отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, райондун ардактуу атуулу.

  • Фрунзедеги М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайын (1959), Ленинград шаарындагы жогорку партиялык мектептин маданият факультетин (1972) бүткөн.
  • 1958-59-жылдары “1-Май” колхозунда эсепчи,
  • 1963-67-жылдары Ош мамлекеттик педагогика институтунун музыкалык факультетинде окутуучу,
  • 1967-ж. Сумсар балдар музыкалык мектебин ачып,
  • 1967-2009-жылдары анын директору болуп иштеген.
  • Бул мектептин Шекафтар (1969),
  • 1-Май айылдарында (1979) филиалдары Т-дин демилгеси менен ачылган.
  • ЮОдөн ашуун аткаруучу, окутуучу жана обончуларды тарбиялап өстүргөн.
  • Сумсар айылдык Аксакалдар сотунун төрагасы.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6