Токбаева Айнаш Абдымановна

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айнаш Токбаева 1960-жылы 21-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку юридикалык билими бар.

1983-жылдан 1985-жылга чейин Ташкенттеги юридикалык техникумда окуган.

Техникумду аяктагандан кийин 1985-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, аны 1990-жылы “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Кесиптик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айнаш Токбаева эмгек жолун 1990-жылы Ош шаардык сотунда баштап, төраганын жардамчысы кызматын аркалаган. Ал жерде 1996-жылга чейин иштеген.

1996-1998-жылдары адвокат катары (укуктук консультация берип) кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.

1998-жылдан 2003-жылга чейин Ош облусунун Арбитраждык сотунда судьялык кызматты аркалаган.

2003-жылы Ош облусунун Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотуна судьялык кызматка бекитилип, бул жерде 10 жыл иштеген.

Айнаш Токбаева 2013-жылдын 17-январынан 2015-жылдын 23-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болгон. Ал эми 2015-жылдын ушул эле айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы болуп шайланган. Ал бул кызматтан 2018-жылдын 22-сентябрында кеткен.

2018-жылдын 22-сентябрынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары болуп иштеп келүүдө.

Шилтемелер:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://sot.kg/structure/tokbaeva-ainash-abdymanovna

https://who.ca-news.org/people:11501

https://ru.sputnik.kg/20150923/tokbaeva-ajnash-abdymanovna-biografiya-1018601624.html

https://www.politmer.kg/human/293 Archived 2022-03-01 at the Wayback Machine

https://stanradar.com/bio/full/372-tokbaeva-ajnash-abdymanovna.html