Токмок кум-шагыл кени
Токмок кум-шагыл кени, Шамшы кум-шагыл кени Чүй районунда, Токмок т. ж. бекетинен 3–4 км түштүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 893–970 м бийиктикте. 1985–86-ж. чалгындалган. Кен аймагы Шамшы суусунун агызып келген шилендисинен, антропоген мезгилинде пайда болгон чопо-кум менен камдашкан койташтардан жана шагылдан түзүлгөн. Кум-шагылдын изилденген калыңдыгы 10 м, жалпы калыңдыгы 100 мге жетет. Кум-шагыл кошундусу 32% койташтан, 48% шагылдан, 20% кумдан турат. Талкалап-жуугандан кийин кум-шагыл «200», «300» маркадагы бетонду даярдоого жана курулуш иштерине жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча – 6202 миң м3, С1 – 3120 миң м3, В+С1 – 9322 миң м3, С2 – 18298 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: В – 2531 миң м3, С1 – 3120 миң м3, В+С1 – 5651 миң м3, С2 – 18298 миң м3. Кен казып алынууда.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7