Токсаскаридоз
Көрүнүш
Токсаскаридоз - ит, түлкү ж. б-нын чаар ичегисиндө мителөөчү Toxascaris уруусундагы ири (8-10 см) нематоддор пайда кылуучу гельминтоз.
Сырткы чөйрөдө (топурак, суу) токсаскарид сиркесинде курту өсүп жетилет. Жаныбарлардын организминде сиркеден курт чыгат да, жетик митеге айланат. Түлкүдө мите 55-72 кундө өсүп жетилет. Токсаскаридоздо ичеги-карындын иштеши бузулат, ичи көбөт, арыктайт.
Дарылоо: антигельминттик дары-дармек берүү. Профилактика: короо-жайды таза кармоо, ылаң жаныбарларды дарылоо
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.