Токсоплазмоз

Wikipedia дан
Токсоплазмоз

Токсоплазмоз — көпчүлүк орган жана системаларды жабыркатуучу оору.

Токсоплазма тууралуу[оңдоо | edit source]

Козгогучу — токсоплазма, 20° чөйрөдө 3 күнгө чейин сакталат. Тике тийген күн нурунан, ысытуудан, кургатуудан тез өлөт. Токсоплазмоз менен уй, кой, эчки, чочко, мышык, коён, тоок, өрдөк, жапайы жаныбарлардан бугу, түлкү, сары чычкан, тыйын чычкан жана башкалар жабыркайт. Козгогуч ылаңдаган жаныбарлардын заңы, заарасы, мурдунан чыккан суюктук, сүтү менен сыртка бөлүнөт. Адамга оору жакшы бышырылбаган, кайнатылбаган эт, сүт, жумуртка жегенде жугат. Өзгөчө козгогучту бөлүп чыгарган мышыктар коркунучтуу. Анын булганган жүнүн кармаганда кол аркылуу козгогуч оозго кириши мүмкүн. Организмге кирген козгогуч кан менен түрдүү органдарга (мээ, көз, боор, көк боор, лимфа түйүндөрү жана башкалар) тарап, аларды жабыркатат.

Түрлөрү[оңдоо | edit source]

Токсоплазмоздун тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар.

Кийин пайда болгон түрү[оңдоо | edit source]

Кийин пайда болгон түрү катуу кармаган жана өнөкөт түрүндө өтөт.

Катуу кармаган түрү[оңдоо | edit source]

Катуу кармаганда ысытма болуп, баш, булчуң ооруйт.

Өнөкөт түрү[оңдоо | edit source]

Өнөкөт түрүндө оору жылдап созулушу мүмкүн. Мында температура анча көтөрүлбөйт, оорулуунун алы кетет, башы ооруйт, көзү начар көрө баштайт, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, лимфа түйүндөрү, боор, көк боор чоңоёт. Көпчүлүк учурда гепатит, миокардит, өпкөнүн сезгениши, психиканын бузулушу байкалат.

Тубаса токсоплазмоз[оңдоо | edit source]

Тубаса токсоплазмоздо оору түйүлдүк мезгилинде энеден берилет. Бала эненин ичинде же төрөлөрү менен өлөт. Эгер өлбөй калса түрдүү майыптык жана өсүү кемтиктери байкалат.

Алдын алуу[оңдоо | edit source]

Оорунун алдын алуу үчүн оорулуу жаныбарларды убагында таап, аларды бөлүп, дарылоо; мындай жаныбарлардан балдар, кош бойлуу аялдар сак болуусу, мышык, итке тамак бергенден кийин колду сөзсүз самындап жуу зарыл. Мал чарбасында, эт, эт азыктары менен иштегендер атайын кийимдерди кийүүгө, тазалыкты сактоого тийиш. Базардан сатып алынган эт жана сүт азыктарын жакшы бышырып, кайнатып ичүү талапка ылайык.

Колдонулган адабият[оңдоо | edit source]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8