Мазмунга өтүү

Токтогазиев Жумабек

Википедия дан

Токтогазиев Жумабек – жазуучу. Кара-Буура районунун Шекер айылында 1948-жылы 19-мартта туулган. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин тил жана адабият бөлүмүн аяктагандан кийин республикалык теле көрсөтүү жана радио уктуруу комитетинде редакторлук кызматта эмгектенген.

Мектепте окуп жүргөн мезгилинде чыгармачылык менен алектенип, анын «Куштар таңга жуук ойгонушат» аттуу көлөмдүү аңгемеси 1975-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине басылып, ошондон баштап чыгармачылыкка аралашкан.

1981–1988-жж. Талас облустук телерадио комитетинде кабарчылык кызматын өтөгөн. Бул жылдардын аралыгында «Чагылгандын жарыгы», «Умтулуу», «Кеңеш Ата гезит берчи!», «1-сентябрга чейин жарым саат» ж.б. аңгемелери республикалык гезит-журналдарга жарыяланып турган. 1988–1991-жж. Кара-Буура райондук «Октябрь таңы» гезитинде, 1992-жылы «Ак Бата» гезитинин Талас облусу боюнча өз кабарчысы, 2005-жылы «Эркин-Тоо», андан кийин «Кыргыз Рухунда» кабарчы, азыркы учурда «Кыргыз адабияты» гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштеп келет.

Ж.Токтогазиевдин «Чагылгандын жарыгы» аттуу аңгемелер жыйнагы 2007-жылы жарык көргөн.

Анын «Жетөөнүн баяны» аттуу төрт көшөгө, сегиз сүрөттүү желелеш-бир тутумдагы чакан новеллалардан турган драмасы Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналып, Шекер айылындагы элдик театрдын жамааты тарабынан коюлган.

Автордун бул драмасы айтыш коомунун «Калемгер» клубунун 2007–2008-жылдардагы Республикалык деңгээлдеги жашыруун сынакта жеңүүчү деп таанылган.

«Ибилистин кызы» жана «Ак куюн, Боз куюн» аттуу балдар үчүн жомок жана жаңылмачтар китептери жакынкы мезгилдерде жарык көрмөкчү.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.



Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чагылгандын жарыгы: Аңгемелер. – Б.: Гүлчынар, 2007. – 166 б.

Айдана менен жезкемпир: Тестиер балдар үчүн. – Б.: Гүлчынар, 2009. - 24 б.

Сүтактын үнү: Аңгемелер. – Б.: Гүлчынар, 2010. - 158 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]