Токтогулов, Аман

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Аман Токтогулов (Aman Toktogulov; 26.7.1945 – 13.8.1992) - кыргыздын таанымал акыны, котормочусу, адабият сынчысы, журналист, публицист, коомдук ишмер.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Аман Токтогулов 1945-жылы 26-июлда Кыргызстандагы Талас облусуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган.

Үй-бүлөдө төрөлгөн үч баланын ортончусу Аман кичине кезинен эле ыр-күүгө шыктуу чоңоёт. Мектепте окуп жүргөн чагында эле мектептеги ийримдерге активдүү катышып, жаңы жазган ырларын «Кыргызстан пионери» газетасына жиберип турат. Үй-бүлөдөгү үч бир тууган тең ырга шыктуу болуп, ыр жазып калганынын себеби, булардын апасынын атасы (таятасы) чоң казалчы болгон дешет.

1962-жылы КМУнун филология факультетине өтөт. Ошондон баштап республикалык газета-журналдарга ырлары жарыялана баштайт.

1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктап, «Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болгон.

1972–1974-жж. баш редактордун орунбасары болуп иштеген.

1972–73-жж. «Ала-Тоо» журналынын сын бөлүмүн башкарган.

А.Токтогулов 1974–1990-жж. республиканын Коопсуздук комитетинде кийин өмүрүнүн акырына чейин ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүн башкарып турган.

СССРдин тушунда өтө тың, тирикарак жигиттерди КГБга дароо ишке чакырып алышчу. 1974-жылы Аман да барсамбы, барбасамбы деп жүрүп, сентябрь айында КГБга өтүп кетти. Барып иштеп баштагандан үч ай өткөндөн кийин Амандын көңүлү чөгүңкү болуп калды. Ушунча жыл жазуучулар арасында шатыра-шатман, эркин сүйлөп, оюн ачык айтып да, жазып да көнгөн адамга КГБнын ичиндеги жымжырттык, суз саламдашуулар, өтө негизсиз сыпайкерчилик такыр жакпай калды.

Бара-бара КГБдагы өзү иштеген кеңседеги абалды Аман өзүнүн жүрүм-туруму, тамашакөйлүгү, сөзмөрдүгү менен өзгөрттү. Аман менен чогуу иштешкендердин эскерүүлөрүндө Аман келгенден баштап биздин тунжураган кабинеттерге күлкү-шаң, жылуулук кирди, ушинтип деле иштесек болот тура деген ойлор келди дешет.

Кыргызстанда антикоммунисттик демократиялык кыймыл башталганда, демократиялык багыттагы «Майдан» гезитин уюштуруп, анын биринчи редактору болгон. Анын редактордук ишин эркин журналист Бакытбек Орунбеков уланткан.

1992-жылы Аман Токтогулов оорунун айынан каза болгон, сөөгү Көпүрө-Базар айылында жерге берилген.

Чыгармачылыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

1975-жылы «Поэзияга мамиле» аттуу адабий макалалар жыйнагы жарык көргөн. Акын Жеңижоктун чыгармаларын жыйноо демилгесинде, китеп кылып чыгарууда А. Токтогуловдун да эмгеги чоң.

Алгачкы ырлары республикалык басма сөздөрдө 1963-жылдан баштап жарыяланып, «Ибарат» ырлар жыйнагы 1980-жылы жарык көргөн.

Аман Токтогулов которгон Расул Гамзатовдун «Менин Дагестаным» аттуу эки китептен турган чыгармасы (1972–1973) И.Крыловдун тамсилдеринин толук жыйнагы кыргыз котормо өнөрүнүн эң мыкты үлгүлөрүнүн бири катары бааланып келет.

Ал Ч.Айтматовдун «Кыямат» романын (А.Жакыпбеков менен бирдикте), «Чыңгызхандын ак булут» повестин, «Жетинин бири» уламышын да кыргызчалап, бул эмгектери котормонун мыкты үлгүсү катары тарыхта калды.

Коомдук ишмердиги. "Майдан" гезити[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандагы эркин журналистиканы өнүктүрүүчүлөрдүн бири.

Кыргызстанда КДКнын биринчи курултайына карата демократтардын “Майдан” эркин гезити уюшулган. Анын баш редактору болуп таланттуу акын жана журналист Аман Токтогулов дайындалган. Гезиттин биринчи саны 1991-жылы 9-февралда жарык көрүп, КДКнын биринчи курултайында таркатылган (бул курултайды 1990-жылдын 25-26-майында өткөн КДКнын уюштуруу жыйыны менен чаташтырбоо керек).

“Майдандын” биринчи санында КДКнын теңтөрагасы Казат Акматовдун “КДК эмне деген уюм”, дагы бир теңтөрагасы Топчубек Тургуналиевдин “Жаңы заман жарчысы”, экономист Бекболот Талгарбековдун “Эси оогон экономика”, КДКнын Кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегиндин совет бийлиги басынткан элдердин улуттук-демократиялык конференциясы жөнүндө “Киев сабактары” деген макаласы жарыяланган.

Үй-бүлөсү. Жакындары. Дос-тамырлары[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй-бүлөсү бар.

Жубайы - Сейил Жанышова. Үч балалуу болушту (Айнура, Султан, Элмира).

Кызы Элмира Токтогулова - белгилүү коомдук ишмер.

Иниси - обончу, композитор, журналист, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков.

Санаалаш агасы - журналист, сынчы Салижан Жигитов болгон.

Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

Анын артында бай адабий мурас калды.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Поэзияга мамиле: Адабий макалалар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 152 б.

Ибарат: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 92 б.

Барал: Триптих жана поэма-пародия. – Ф.: Мектеп, 1982. – 76 б.

Таберик: Ырлар, макалалар, котормолор жана эскерүүлөр. – Б.: КЭнин башкы ред-сы, 1997. – 330 т.

КОТОРМОЛОРУ

Гамзатов Р. Менин Дагестаным: Повесть. – Ф.: Кыргызстан. 1972. – 270 с.

Гамзатов Р. Менин Дагестаным: Повесть. – Ф.: Кыргызстан. 1973. – 224 с.

Крылов И. А. Тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 136 с.

Ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргызстан. 2015: Күндөр. Адамдар. Окуялар / Баш ред. Жылдыз Бакашова. - Бишкек: КР Улуттук китепканасы. - Б. 78-79.
  • Талантка таазим: Аман Токтогуловдун 65 жылдыгына арналат: Ойлор, маектер, эскерүүлөр. - Б., 2010. - 42 б.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]


Эскерүүлөр. Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

Учурда Кыргызстандын Талас облусунун борбору Талас шаарындагы облустук китепкана 1993-жылдан тартып Аман Токтогуловдун ысымын алып жүрөт.

Аман Токтогулов менен Түгөлбай Казаковдун эжеси Мөөркан Кыштакбекова мындайча эскерет:

«Биз бир үйдө төрт бала болуп чоңойдук. Мен, Эсен, Аман, Түгөлбай болуп. Мен алар менен бир эне, бир атадан төрөлбөсөм да, бир тууган болдук. Минтип айтып аткан себебим, кичинекейимде мени тапкан ата-энем Кыштакбек менен Назбүбү апам каза болуп калып, бир тууган эжем Бермет менен жездем Токтогул багып алышыптыр. Ошентип, эжемди апа, жездемди ата деп чоңойдум.

Багып алган Бермет апам мени сиңдисиндей, жездем Токтогул балдызындай көрбөй, өз баласындай кылып тумшуктууга илдирбей, канаттууга чокутпай багып чоңойтушту. Бермет апам атама 15 жашында турмушка чыккан экен. Ал кезде кыздарды жаш эле күйөөгө берип салышчу эмес беле.

Менден кийин 6 жылдан соң биринчи балалуу болушту. Кыз эле, бирок ал бир тууганымдын өмүрү кыска экен, чарчап калды. Андан кийин удаа-удаа үч эркек төрөлдү.

Алардын улуусу Эсен айыл-чарбасында эмгек кылып баар тапса, Аман менен Түгөл биздин үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин сыймыгы болуп, кыргыздын билим, маданиятына эмгектери сиңген кадыр-барктуу инсан болушту. Атам мени жалгыз кызым деп абдан жакшы көрчү. Атамдын атын Аман иним алыска угузса, Түгөлбай чоң атабыздын ысымын таанытты.».