Мазмунга өтүү

Токтогулов Темиш

Википедия — ачык энциклопедия

Токтогулов Темиш (19. 10. 1934-ж. 8-Март кыштагы -2004, ошол эле жер) - эмгек ардагери, элге билим берүүнүн отличниги, жетекчи кызматкер.

Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1958). Эмгек жолун 8-Март мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп баштаган.

Кийин Суусамыр орто мектебинде география мугалими, тарбия иштери боюнча директордун орун басары, директору (1967-76), Калинин районундагы Эриктүү орто мектебинде директор (1976-77).

Сырттан окуу мектебинде окуу бөлүмүнүн методисти (1977-87), Калинин райондук элге билим берүү бөлүмүндө инспектор, КараБалта шаарындагы райондор аралык өндүрүштүк-окуу комплексинде директордун орун басары (1987-89) болуп иштеген. В. И. Лениндин 100 жылдык юбилейлик жана «Эмгектин ардагери» медалдары жана райондун Элге билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9