Токтогул райондук билим берүү бөлүмү

Википедия дан

Токтогул райондук билим берүү бөлүмү (Токтогул шаарчасы, Ленин көчөсү, 3) райондун аймагындагы мектептердеги окуутарбия иштеринин жүргүзүлүшүнө жетекчилик кылат, методикалык жактан багыт берет жана көзөмөл жүргүзөт.

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине баш иет. Алгач аймакта Кетментөбө району уюшулганда райондук агартуу бөлүмү болуп түзүлгөн. Бөлүмдүн жетекчиси болуп М. Ботбаев дайындалган.
  • 1940-жылдан райондун аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу Токтогул райондук элге билим берүү бөлүмү деп,
  • 1998-жылдан Токтогул райондук билим берүү жана маданият бөлүмү, 2004-жылдан Т. р. б. б. б. деп аталат. Өрөөндө мектептер негизинен 1928-ж. жайлоо советтери тарабынан уюштурулган.
  • 1928-ж. Суусамыр жайлоосунда ачылган мектеп Музтөр башталгыч мектеби болуп түзүлгөн. Арым жайлоосунда уюштурулган мектеп Мазарсуу кыштагына, Каракыр жайлоосундагы мектеп Ничкесай кыштагына көчүрүлүп келип, башталгыч мектеп болуп түзүлгөн. Азыркы учурда райондо 40 жалпы билим берүүчү мектеп, 2 мектептен тышкаркы мекеме, 6 бала бакча бар.
  • 1300дөй мугалим эмгектенип, 20 миңден ашуун окуучулар билим алууда (2004).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5