Токтогул райондук борборлоштурулган китепканасы

Википедия дан

Токтогул райондук борборлоштурулган китепканасы (Токтогул шаарчасы, Ленин көчөсү, 22) 1930-ж. негизделген.

1979-жылдан борборлоштурулган китепкана. Ал филиалдары, бөлүмдөрү, китеп берүүчү пункттары менен 11 китепкананы бириктирип турат. Тейлөө, китептерди комплектөө, тескөө, усулдук жана библиографиялык иштер бөлүмү бар. Райондун аймагындагы китепканаларга усулдук жардам көрсөтөт. Жалпы китеп фондусу 195000 нуска. Жылына 12 миңдей окурманды тейлейт (2004).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5